Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:05

Түркмөнстанда ондогон адам кумсалыкка шектелип кармалды


Түркмөнстан. Иллюстрациялык сүрөт.
Түркмөнстан. Иллюстрациялык сүрөт.

“Азаттык” радиосунун түркмөн кызматы кабарлагандай, Түркмөнабад шаарында 25ке чукул киши гомосексуализмге шектелип кармалып, камакка алынган. Алардын арасында мурдагы МАИ кызматкери, өрт өчүрүүчү жана чач тарач бар.

Буга чейин август айынын соңунда Лебап аймагында жашаган чач тарач кармалып, тергөөгө жеткирилгени кабарланган. Бул жолу Ашхабадда иштеген чач тарач кармалганын жана анын түркмөн шоу бизнеси менен байланышы бар экени белгиленди.

Көз карандысыз маалымат каражаттары болсо Түркмөнабад шаарында өткөрүлгөн рейддин жыйынтыгында 30 эркек киши гомосексуализмге шектелип, кармалганын жазып чыгышты.

Маалымат булагынын айтымында, кармалгандардын бири мурда жол полициясында иштеп жүрүп, өрт өчүрүү кызматына которулган. Жаңы кызматта иштеп жаткан учурунда кесиптеши менен өзгөчө мамилеси байкалып калып, экөө тең тергөө абагына камакка алынганы кабарланды.

Түркмөнстандын мыйзамдары боюнча гомосексуализм кылмыш болуп саналат. Кылмыш-жазык кодексинде бул үчүн эки жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Түркмөнстанда ЛГБТ коомчулугу жөнүндө маалыматтар чектелүү. Кумсалар укук коргоо органдары тарабынан кодулоого кабылганын көз карандысыз басылмалар такай жазып келет.

XS
SM
MD
LG