Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:25

Ош базарында дагы өрт чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Ош базарынын аймагында жайгашкан "Кыял" соода борборунда 30-сентябрга караган түнү өрт чыкты.

Билдирүүдө айтылгандай, базардын ичиндеги бут кийим оңдоочу жай, 17 даана кийим тигүүчү машина, идиш-аяк, суусундук сатуучу 17 даана темир контейнер (павильон) жана темир устундуу желим менен жабылган өтмөктөрдүн чатырлары күйгөн. Эки чач тарачтын терезеси жана аба муздаткычы күйүп кеткен. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 100 чарчы метрди түздү.

Өрттү өчүрүүгө эки бригада тартылып, саат 05:27де толугу менен өчүрүлдү.
Кырсыктын жабыркагандар болгон жок, тилсиз жоонун келип чыгуу себеби такталууда.

Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан Ош базарында бир нече жолу өрт катталган. Базарга танапташ жайгашкан "Берекет" соода түйүнүндө 2018-жылы 13-апрелде таңга жуук чыккан өрттөн болжол менен 2000 чарчы метрден ашуун соода аянты күйгөн. ​Өрттүн кесепетинен 300дөй соодагер жабыркап, баштапкы эсеп боюнча келтирилген зыян бир нече миллион сомго барабар болгон.

Бул базарда 2020-жылы февралда дагы өрт чыккан. Бирок өрттүн себептери жана чыгымы айтылган эмес.(КЕ)

XS
SM
MD
LG