Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:32

Кубанычбек Нурматов 20-ноябрга чейин камалды


Кубанычбек Нурматов.
Кубанычбек Нурматов.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Нурматов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагына 20-ноябрга чейин камалды. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 22-сентябрда анын бөгөт чарасын карап, ушундай чечим чыгарганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Кубанычбек Нурматов 500 миң долларлык алдамчылыкка шектелип 20-сентябрда колго түшкөн.

Анын талапкерлиги Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси кызматына парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинде быйыл 1-сентябрда жактырылган, колдоо тууралуу чечим чыккан.

55 жаштагы Нурматов 2015-жылдан 2021-жылдын август айына чейин Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” саясий партиясынан шайланган депутаты болгон. Ага чейин 2012-2015-жылдары Эсеп палатасынын аудитору болуп иштеген.

Нурматовдун тарапкерлери же жактоочулары УКМКнын айыптоосу боюнча комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG