Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:16

Бензиндин баасы боюнча Кыргызстан ЕАЭБ аймагында үчүнчү тепкичке чыкты


Кыргызстанда бензин баасынын кымбатташы улантууда. Сентябрдын аягына карай Аи-92 жана Аи-95 маркаларынын баасы Орусияга салыштырмалуу 2-3 сомго кымбат сатылууда.

Күйүүчү майдын дээрлик баары Орусиядан келгенине карабай, Кыргызстанда бензин салыштырмалуу буга чейин арзан болчу.

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги Евразия экономикалык биримдигиндеги (ЕАЭБ) өлкөлөрүндөгү күйүүчү майдын баасын салыштырды. Эң төмөнкү баа Казакстанда, эң кымбаты Арменияда:

20-сентябрга карата орточо салыштырмалуу баа:

КыргызстанКазакстанОрусияБеларусАрмения
Аи-9257,534,553,967,278,7
Аи-9562,040,759,669,680,6
Кара май51,740,358,7

70,6

77,0

Орусия сентябрда күйүүчү майды экспорттук төлөмү (пошлина) менен бере баштаганына байланыштуу бензиндин баасы сентябрда дагы көтөрүлөрүн буга чейин Кыргызстандын Нефтетрейдерлер биримдиги эскерткен.

Кыргызстан жылына 1,1 млн. тоннадай күйүүчү жана майлоочу май керектейт. Орусия 2016-жылы Кыргызстанга мунай жана мунай продуктуларын төлөмсүз жеткирүү боюнча чечим кабыл алган. Ага ылайык, Кыргызстандагы импорт, ички өндүрүш жана колдонууну эске алуу менен атайын индикативдик план түзүлгөн. Аталган пландын негизинде Орусия белгилүү бир көлөмдөгү мунай жана күйүүчү май жөнөтүп турат.

Нефтетрейдерлер биримдиги соңку беш жылдан бери керектөө өскөнү менен Кыргызстанга алынып келинген майдын көлөмү өзгөрбөгөнүн белгилөөдө. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, акыркы жылы Кыргызстанда бензиндин баасы 1,6 эсеге өскөн.

XS
SM
MD
LG