Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:04

Pfizer өз вакцинасы балдар үчүн коопсуз экенин билдирди


Pfizer жана BioNTech компаниялары 5-11 жаштагы балдарга коронавируска каршы вакцина саюуга тиешелүү мекемелерден тез арада уруксат алууну көздөп жатканын билдиришти. Алардын маалыматына караганда, клиникалык сыноолор вакцина «коопсуз экенин жана аны балдар жакшы көтөрөрүн» көрсөткөн.

Компаниялар 20-сентябрда тараткан билдирүүдө вакцина чоң адамдарга караганда балдарга азыраак өлчөмдө сайылары жазылган.

Октябрда эл аралык COVAX программасынын алкагында Кыргызстанга коронавируска каршы Pfizer вакцинасынын 259 миң дозасы келери күтүлүүдө. 2022-жылдын башында Moderna вакцинасы да алып келинет.

Сентябрдын аягына чейин өкмөт америкалык Pfizer препаратын -70 градуста сактай турган муздаткыч сатып алмакчы.

XS
SM
MD
LG