Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:48

Казак мажлиси соцтармактарга бөгөт коё турган мыйзам долбоорун колдоду


Казакстандын мажлиси.
Казакстандын мажлиси.

15-сентябрда Казакстандын парламентининин төмөнкү палатасы (Мажлис) өлкө ичинде жергиликтүү кеңселерин ачпаган социалдык түйүндөргө бөгөт коё турган мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.

"Балдардын укуктарын коргоо жөнүндө" мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, интернеттеги чет өлкөлүк социалдык түйүндөр жана кыска билдирүүлөрдү жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк берген тиркемелер Казакстанда каттоодон өтүшү керек. Ошондой эле, бул компаниялар Казакстанда жергиликтүү филиалдарын ачып, өлкө ичинде иштөө үчүн бийликтен уруксат алышы кажет. Мындан тышкары тиешелүү органдар соттун чечими жок эле вебсайттарга бөгөт коюуга мүмкүнчүлүк алышат.

Мыйзам долбоору дагы эки окуудан өткөндөн кийин парламенттин жогорку палатасына (Сенат), андан соң президент Касым-Жомарт Токаевге жөнөтүлөт.

Казак бийлиги Facebook сыяктуу ар кыл социалдык тармактар аркылуу уюштурулган нааразылык акцияларына тынчсызданып келет. Адатта мындай акцияларды Европада жашаган казак оппозициясынын өкүлү Мухтар Аблязовдун Казакстандын демократиялык кыймылы уюштуруп келет. Бул кыймылга Казакстанда тыюу салынган.

Эл аралык укук коргоо уюмдары Казакстанда интернетке утур-утур чектөө коюларын билдирип келишет. Freedom House эл аралык уюму "Интернет эркиндиги" деп аталган баяндамасында Казакстанды эркин эмес мамлекеттердин катарына кошкон.

XS
SM
MD
LG