Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:01

Британияда Шинжаңдагы "лагерлер" боюнча сотто казактар көрсөтмө берди


Бахытали Нур соттук угууда
Бахытали Нур соттук угууда

Британиянын башкалаасы Лондондо Кытай өкмөтүнүн Шинжаңда байыр алган уйгур, казак, кыргыз жана башка улуттук азчылыктарга карата саясаты тууралуу угуулар улантылды. 12 -сентябрдагы жыйынга катышкан бир нече казак көрсөтмө берди. Шинжаңда туулуп өскөн казак тектүү Орунбек Көксебек, Эргазы Отарбай жана Бахытали Нур Кытайдын саясий лагерлеринде кармалып, кийин тарыхий мекенине кайтып келишкен. Азыр үчөө тең Казакстанда жашашат. Лондондогу угууга атайын барып, көргөн кыйноолорун айтып беришти.

Бакытали Нурдун айтымында, аны Кытай полициясы 2017-жылы кармап, "террордук өлкөлөрдүн тизмесиндеги мамлекетке барганы үчүн" лагерге жөнөтүлгөн. Укук коргоо органдары анын алты айлык боюнда бар аялын аборт жасатууга мажбурлаган.

Лондондогу соттук отурумга катышкан дагы бир казак Орунбек Көксебек Шинжаңдагы лагерде төрт ай кармалып, андан соң эки ай үй камагында болгонун айтты. Бул иш боюнча экинчи соттук угуу 10-сентябрда башталган. Алгачкы отурум июнь айында өткөн.

Эл аралык басылмаларда "Уйгур трибуналы" деп атыккан комиссияда Кытайдын түрк тектүү мусулмандарды бутага алышына байланыштуу далилдер иликтенип, геноцид жөнүндө конвенцияга ылайык, Бээжиндин аракетине баа берилет.

Кытай бийлиги буга чейин жараянды кескин сындаган. Sky News кабарлагандай, экинчи отурумдун алдында Кытайдын Улуу Британиядагы элчиси Чжэн Чжэгуань, аны Бээжинди дискредитациялоого багытталган “саясий манипуляция” деп атаган.

Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда уйгур, казак жана кыргыздар баштаган мусулман жамааттарынын жүз миңдеген өкүлдөрү "саясий тарбия берүүчү лагерлер" деп аталган жайларга негизсиз камалып жатканы бир нече жылдан бери айтылып келет. АКШнын өкмөтү, Британия, Канаданын парламенттери Кытайдын аракеттерин геноцид деп таанып, санкцияларды киргизген.

Бээжин Шинжаңдын тургундары диний же саясий көз карашы үчүн куугунтукталып жатканын четке кагып, алар кармалган лагерлерди кесипке үйрөтүүчү борборлор катары мүнөздөп келатат.

XS
SM
MD
LG