Кыргызгидромет агенттиги 14-сенябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт деп кабарлады. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Батыш тараптан жел согуп турат.
Абанын температурасы:
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10...15, күндүз 28...33,
Талас жергесинде түнкүсүн 3...8, күндүз 23...28,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 8...13, күндүз 21...26,
Нарын облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 21...26,
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8...13, күндүз 25...30,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3...-8, күндүз 7...12°.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 11…13, күндүз 27…29°.