Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:02

Ош шаарындагы күмөндүү тендерлер боюнча иликтөө жарыяланды


Сүрөттө иликтөөнүн баш каарманы Шүкүрали Мадаминов.
Сүрөттө иликтөөнүн баш каарманы Шүкүрали Мадаминов.

"Али Токтакунов МедиаХабы" менен TMG телеканалы Ош шаарынын Капиталдык курулуш башкармалыгындагы (УКС) ыктымал коррупция тууралуу иликтөө жарыялады.

Анда мекемени беш жылдан бери жетектеп келген Шүкүрали Мадаминов өткөргөн 300 тендердин 100үн анын жакындарына таандык компаниялар утканы ашкереленген.

"Мисалы, эки тендерди Шүкүрали Мадаминов өзү ээлик кылган, уулу башкарган "Долбоор" ачык акционердик коому уткан. Ошондой эле, убагында Мадаминовдун бир тууганы жана аялы тең укуктуу ээлик кылган "Тогуз-Булак" ЖЧКсы бир тендер уткан. Бир тууган эжесинин келини ээлик кылган "Маклер-Фетва" компаниясы 32 миллион сомдук тогуз тендерде жеңүүчү болгон. Бул Мамлекеттик сатып алуулар мыйзамынын 6-беренесине түздөн-түз каршы келет", — деп баяндалат иликтөөдө.

Мындан сырткары тендерлерге катышкан 19 компания бир дарекке катталганы ачыкталган.

Ошондой эле, Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси тендерде сунушталган сумманын 10% өзү алып коёру жөнүндө сөз болот. Бирок, бул маалыматты Мадаминов четке каккан. (DU)

XS
SM
MD
LG