Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:15

Коронавирус 100 кишиден жаңы аныкталып, үч бейтап каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 7-сентябрдагы маалыматына ылайык, соңку бир суткада өлкө боюнча инфекциядан үч киши каза тапты.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2557 адамга жетти.

Соңку бир суткада вирус дагы 100 адамдан табылды. Көбү Бишкек шаарында (40). Андан кийин Чүй (26) жана Ысык-Көл облусу (19) турат. Ошто катталган эмес, калган аймактарда вирусту жуктургандардын саны 2-4 кишиге чейин.

Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери COVID-19 жуктуруп алгандардын жалпы саны 176 682 кишиге жетти.

Алардын 788и ооруканада жатат, дагы 1139 ​бейтап үйдөн дарыланууда. Бир суткада 121 адам айыгып чыкты. Оорудан сакайып чыккандардын жалпы саны 170 745 киши. (КЕ)

XS
SM
MD
LG