Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:07

Раиси Иран диалогду басым-кысымсыз жандантууга даяр экенин билдирди


Ирандын президенти Ибрахим Раиси. 26-август, 2021-жыл.
Ирандын президенти Ибрахим Раиси. 26-август, 2021-жыл.

Ирандын президенти Ибрахим Раиси Тегерандын өзөктүк программасы боюнча диалогду жандандыруу маселеси өкмөттүн күн тартибине киргизилгенин, бирок сүйлөшүүлөр Батыштын “басымы” астында жүргүзүлбөшү керек экенин билдирди.

Раиси 4-сентябрда мамлекеттик телеканалдан сүйлөгөндө Тегеран “натыйжалуу талкууларды көздөй турганын” белгиледи.

Тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышкан Франция жана Германия Иранда президенттик шайлоодо Раиси жеңгенден кийин диалогго кайтууга үндөшкөн.

"Ислам жумурияты сүйлөшүүгө даяр, бирок америкалыктар жана Батыш өлкөлөрү кысым жасоону көздөшөт”, – деп айтты президент.

2015-жылы түзүлгөн келишимди жандандыруу максатында апрелден бери Венада сүйлөшүүлөрдүн алты айлампасы өттү.

Өткөн айда Париж, Берлин жана Лондон Тегеран уранды 20% байытты деген кабарларга камтамачылык билдиришкен. Бул Иран атомдук курал чыгарышы мүмкүн деген кооптонууларга жем таштаган.

Андан көп узабай Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттик Иран чындап эле уранды 20% байытканын бышыктап, 60%чейин байытуу кудуретин жогорулатканын билдирген. Эл аралык келишимде Тегеран уранды 3,67% чейин байыта алары белгиленген.

Өзөктүк программасы тынчтык максатты көздөрүн айтып келген Иран бул жааттагы ишмердиги тууралуу Эл аралык агенттикти кабардар кылганын маалымдады.

2015-жылы Иран менен дүйнөнүн алты державасы - АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия кол койгон келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын чектеши керек эле. Бул үчүн эл аралык санкциялар алынган. Бирок АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын администрациясы 2018-жылы бул келишимден чыгып кеткен. Тегеран буга жооп кылып, келишимдин айрым шарттарын аткаруудан баш тарткан.

Быйыл жыл башында Жо Байден АКШнын президенттик кызматына киришкенден тарта келишимди жандантуу боюнча сүйлөшүүлөр башталган.

XS
SM
MD
LG