Кыргыз өкмөтү Пакистандын, Индиянын жарандарына туристтик виза берүүнү токтотту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги атайын билдирүү таратты. Акыркы айларда Кыргызстан башкалаасы Бишкекте пакистандык жарандар көбөйүп кетти деген коомдо талкуулар жүрүп жаткан эле.
Тышкы иштер министрлиги 2-сентябрда тараткан маалыматка ылайык, "мындан ары коопсуздук, укук, тартип маселелерин эске алуу менен Пакистандын, Индиянын жана башка бир катар мамлекеттердин жарандарынын өлкөгө келүү тартиби иретке салынат".
Бирок министрлик "бир катар мамлекеттер" дегенге кайсылар кирерин ачык атаган эмес. Жаңы өзгөртүүдө чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстандын аймагында жүрүүсүнө чакырган тарап жооптуу болору айтылат.
"Аталган алгоритмде чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүүсүнө чакыруучу тарап жоопкерчиликтүү болору каралган. "Электрондук виза" порталында арыз ээлери туристтик виза алуу үчүн өз алдынча кайрылуу процесси убактылуу токтотулду. Ишкердик визасын алуудагы шарттар сыяктуу туристтик виза алуу функциясы киргизилүүдө", - деп билдирди министрлик.
Тышкы иштер министрлигинин бул чечими коомчулукта, айрыкча социалдык тармактарда Пакистандын жарандары өлкөдө кыйла көбөйүп, бийликке алардын киришин көзөмөлгө алуу тууралуу талаптар айтылып жаткан учурга туш келди.
"Транзиттик туристтер" 14 күндө өлкөдөн чыгып кетет
Пакистандын чет жакка миграцияга чыгып жаткан жарандары Перс булуңундагы өлкөлөргө түз каттам болбогондуктан, Кыргызстан аркылуу транзит менен учарын август айында Тышкы иштер министрлиги маалымдаган эле.
Коронавируска байланыштуу карантиндик талаптардан улам айрым өлкөлөр "кызыл зоналардан" түз учууларды чектеген.
Вирус күчөп, "кызыл зонага" кирген өлкөлөрдүн жарандары "сары зонадагы" мамлекеттерде 14 күн карантиндик мөөнөттөн чыккандан кийин уча алышат. Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмирликтери жана Перс булуңундагы айрым мамлекеттер, ошондой эле Британия сыяктуу бир катар өлкөлөр Кыргызстанды "сары зона" катары белгилеген.
"Пакистандан келгендер көбөйүп кеткенине кыргыз коомчулугу чочулаганы өкүндүрөт. Себеби, алар бул жакка туруктуу иштөө же калуу үчүн келген жок. Мекендештериме карата терс көз караш айрыкча социалдык тармакта курч болуп жатат. Алардын баары өздөрү иштеген Сауд Арабиясы же Бириккен Араб Эмирликтерине кетүүдөгү карантиндик талаптарды аткарып жатат. Биздин жарандар Өзбекстан, Түркия сыяктуу мамлекеттерге деле барууда. Алар баары бир Кыргызстанда калбайт, миграцияга бет алган өлкөсүнө кетишет", - дейт пакистандык студенттердин Кыргызстандагы биримдигинин өкүлү Хамза Али. Анын айтымында, мекендештери Бишкекте 14 күнгө чейин эле кармалууда.
Туризмге терс таасири тийиши мүмкүн
Тышкы иштер министрлигинин виза берүү тартибин чукул өзгөртүп, "электрондук виза" порталын жаап коюшун туризм секторунда иштегендер кубаттабайт.
Маселен, мурдагы Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов мындай чукул кадам өлкөдөгү бир катар бизнес секторуна терс таасир тийгизиши мүмкүн деген пикирде.
"Бул эми саясий чечим болушу мүмкүн. Мындай шартта туризмге залакасы сөзсүз тийет. Анткени акыркы мезгилде ал жактан келген турист агымы кичине көбөйүп келаткан эле. Негизи туризм менен коопсуздук маселеси ар дайым чогуу талкууланып келген маселе эмеспи. Биз чек араларды ачалы десек, атайын коргоо органдары ар кандай маселелерди чыгарып, жапканга аракеттенчү. Эгерде виза берүүнү такыр эле токтотуп салса, туризмге бир кыйла зыяны тийип калат".
Кыргызстандай эле коронавирустун эл аралык талаптары боюнча "сары зонага" кирген айрым өлкөлөр мындай транзиттик туристтерден пайда таап жаткан учуру.
Маселен, Түркияга Европадан АКШ, Канадага уча албай жаткандар көп барууда. "Кызыл зонада" делген Индия, Бангладеш, Пакистан сыяктуу өкөлөрдөн пандемиялык талаптарды так аткарган туристтердин кыймылына чектөө жок. Бул тууралуу Түркиянын Измир шаарында туристтик фирманы иштеткен Ибрагим Долапчы айтып берди.
"Кооптуу делген өлкөлөр бар, маселен Бангладеш, Индия, Бразилия сыяктуу. Бирок, алардан келген атуулдардын жүрүм-туруму Түркияда чектелбейт. Дүйнөнүн кайсы бурчунан болсун, эгер адам эки доза коронавирустун вакцинасын алып, 14 күндүн ичинде ПЧР анализи таза болсо, бизде каалагандай жүрө алат. Эс алуусуна, дарылануусуна, ишине, айтор ээн-эркин жүргөнүнө эч ким тоскоол болбойт."
Буга чейинки жеңилдетилген виза шартына ылайык, Пакистандын атуулдары Кыргызстанда 30 күн туристтик виза менен жүрүп келген.
Мындай виза мурда министрликтин виза берүүчү электрондук порталы аркылуу берилип келген. Тышкы иштер министрлигинин 23-августтагы маалыматы боюнча, июль айынан бери 7,5 миң пакистандык Кыргызстанга 30 күндүк туристтик виза алган.
Darhan Tourism компаниясынын жетекчиси Жылдызбек Осмоналиев июль, август айында пакистандыктар көбөйүп кеткени бир чети туризм тармагына пайдалуу болгону менен расмий органдар мурда эле мыйзамдык жагын көзөмөлгө алса болмок деген ойдо.
"Виза берердин алдында мамлекет негизи кичине көзөмөлдөп койсо болмок. Чектөө дейбизби, же теске салуубу айтор, кечирек чара көрүп жатышканы кызык. Азыр миңдеген пакистандык туристтерди бир маалда алып келип, коомдо кичине негативдүү көз караш күчөп жатат. Болбосо алардын эч кандай зыяны жок. Тескерисинче, ар бир пакистандык күнүгө жок дегенде 50 доллар коротсо, 14 күндө 700 доллар таштайт. Такси, тамак-аш, мейманканага төлөйт дегендей. Бир чети туристтик виза алууну мыйзамсыз, каттоодон өтпөгөн ишкерликке айланткандар да пайда болду. Биздин эсеп менен болжолу тогуз миңдей пакистандык эки айда келди. Алардын көбү бул жакта медициналык окуу жайларда окуган эле студенттер виза ачып берип алып келүүдө".
Мындан ары виза берүү тартиби кандай уланары тууралуу министрлик маалымат бере элек.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин демилгеси менен кыргыз өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-августунда кабыл алынган токтомуна ылайык, жеңилдетилген виза режими киргизилген өлкөлөрдүн тизмеси кеңейтилген. Ал тизмеге Алжир, Бангладеш, Египет, Индия, Иордания, Ливан, Марокко, Непал, Пакистан, Тунис, Шри-Ланка кошулган болчу.