Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:33

Каракол шаарында кыргыз-казак айтышы өттү


31-августта Эгемендиктин 30 жылдыгына карата Каракол шаарында да кыргыз-казак эл аралык айтышы өттү. Айтышка Кыргызстандан он акын катышты.

Алар: Мамбетокто Мамбеторозо, Жыпара Кожокеева, Нурсултан Малдыбаев, Кутман Садыбакасов, Улан Токтосунов, Чыңгыз Кожошев, Айсаба Базарбай кызы, Бакыт Шаршеналиев, Мамбеттокто Өмүр жана Аман Жаабаев.

Ал эми коңшу Казакстандан акындар Нурлубек Курманов жана Дидар Аббасов катышты.

Айтыштын жыйынтыгында баш байгеге Нурсултан Малдыбаев, 1-орунга Мамбеттокто Мамбеторозо, 2-орунга Кутман Садыбакасов татыды. 3-орунга казак акыны Нурлубек Курманов жана Айсаба Базарбай кызы ээ болду.

Айтышты уюштуруу демилгесин төкмө акын Эсенбек Кийизбаев көтөрүп чыгып, Каракол шаардык мэриясы колдоо көрсөттү. Байге фонду 500 миң сомду түздү.

31-августта Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда да кыргыз-казак эл аралык айтышы жыйынтыкталган. (MZh)

XS
SM
MD
LG