Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:57

Франциянын президенти Ирактын Мосул шаарына барды


Мосулдагы ""Ан-Нури" мечити.
Мосулдагы ""Ан-Нури" мечити.

Француз президенти Эммануэл Макрон “Ислам мамлекети” террордук уюмунун мурунку таянычы болгон Ирактын Мосул шаарына барып, өлкөнүн диний жамааттарын согушта талкаланган мамлекетти курууда “чогуу аракеттенүүгө” үндөдү. 29-августта Макрон шаардагы талкаланган чиркөөдө туруп сүйлөгөн сөзүндө Франция “консулдук өкүлчүлүгүн жана мектебин кайра ачарын” айтты.

Мосул – негизинен сунниттер байырлаган шаар. Алардан тышкары ар кыл этностук жана диний топтор да жашайт. 2017-жылы шаар «Ислам мамлекети» террордук тобунун карамагынан бошотуу операциясында катуу кармаштын алдында калып талкаланган.

Макрон ошондой эле эски шаардагы исламчыл жихадчылар талкалап кеткен «Ан-Нури» мечитине да токтоду.

Француз лидери Ирактын түндүгүндөгү Күрдистан аймагынын борбору Эрбилге да барып, ал жердеги француз жоокерлери менен кезигет. Күрдистан автономиясынын жетекчиси Нечирван Барзани менен жолугат.

28-августта Макрон Франция Иракта терроризмге каршы күрөшүү үчүн жоокерлерин бул өлкөдө дагы кармап турарын айтты.

XS
SM
MD
LG