Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:56

БШК: Ошто аял депутаттар жана талапкерлер мандаттан жапырт баш тартууда


Ош шаары.
Ош шаары.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Ошто саясий партиялардын шаардык кеңешке талапкер катары көрсөткөн тизмесинен аялдар жапырт чыгып кетип жатканы боюнча маселени териштирүүдө. Бул тууралуу мекеме 25-августта билдирип, мындай арыздар эки партиядан түшкөнүн маалымдады.

Боршайкомдун маалыматына караганда, «Биздин Кыргызстан» партиясы 38 аял талапкерин, «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы 39 талапкерин чыгарды, алардын 31 аял.

Мындан тышкары аталган эки партиядан депутат болуп шайланган алты адам ыйгарым укуктарынан баш тартты, алардын бешөө аял. Баары тең мандатын депутаттыкка талапкерлер тизмесиндеги кийинки адамдарга өткөрүп берерин билдиришкен.

БШК депутаттыктан баш тартуу же тизмеден чыгуу тууралуу чечимдер Боршайком бекиткенден кийин гана анык деп эсептелерин, азырынча Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын гана чечимдери бар экенин эскертип, бул маселе кылдат териштирилерин белгиледи.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо быйыл 11-апрелде өтүп, жыйынтыгында Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган. Кайра шайлоо 11-июлда өткөн.

Бишкекте шаардык кеңештеги 45 мандаттын 11и «Эмгекке», тогузу «Ата-Журт Кыргызстанга», сегизи "Ишенимге", жетөө "Ынтымакка", бешөө "Өнүгүү-Прогресске" жана дагы бешөө "Социал-демократтарга" тийген.

Ошто 45 мандаттын 19у “Ата-Журт Кыргызстанга”, 15и “Биздин Кыргызстанга”, жетөө “Улуттар Биримдигине”, төртөө “Бир Болго” ыйгарылган.

Токмокто "Бирге-Вместе" партиясына тогуз, "Эмгекке" сегиз, "Асыл Мурас-Жаштарга" беш, "Патриот Ынтымагына" беш жана "Эл Биримдигине" төрт мандат тийген. (RK)

XS
SM
MD
LG