Кыргызстандагы соңку камоолордун саясий төркүнү
Мурдагы премьер-министр Темир Сариев камакта калды. Жактоочулары аны үй камагына чыгарууну талап кылып, эки күн сот алдына чыгышты. “Кумтөр иши” боюнча камакта жаткан парламент депутаты Төрөбай Зулпукаровду да сот үй камагына чыгаруудан баш тартты. Ушул эле иш боюнча камакка алынган мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекетке 50 млн. сом төлөп берип, үй камагына чыкканы белгилүү болду. Буга чейинки Кой-Таш жана кийинки октябрь окуяларга байланыштуу саясатчы, жарандык активисттердин камалышы да коомчулуктун талкуусунда турат. Соңку камоолор чын эле коррупция менен күрөштү туюнтабы же саясий куугунтукка айланып бара жатабы? "Эксперттер талдайт" берүүсүндө ушул тема талкууланды.
Чыгарылыштар
-
Декабрь 10, 2024
Коррупцияга каршы күрөш: Ташиевдин убадасы, Матраимовдун иши
-
Декабрь 03, 2024
Адвокаттын камалышынын артында эмне жатат?
-
Ноябрь 20, 2024
Жергиликтүү шайлоо: Шаардык кеңештерге кимдер келди?
-
Ноябрь 15, 2024
Жергиликтүү шайлоо: Талапкер суракта, бийликтин жообу
-
Октябрь 10, 2024
11 журналистке чыккан сот өкүмү сөз эркиндигине соккубу?
-
Сентябрь 25, 2024
Акаевдин "экс-президент" макамы: Жогорку Кеңештин жообу