Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:58

Коопсуздук кеңешинин жаңы курамы аныкталды


Коопсуздук кеңешинин жыйыны. 2020-жылдын 24-декабры.
Коопсуздук кеңешинин жыйыны. 2020-жылдын 24-декабры.

Президент “Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин айрым маселелери жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчысынын расмий сайтында кабарланды.

Жарлыка ылайык, Кыргызстандын президенти Коопсуздук кеңешинин төрагасы болот. Ошондой эле, Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары, Коопсуздук кеңешинин катчысы жана Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү кирди.

Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү:

  • Жогорку Кеңештин төрагасы,
  • Министрлер Кабинетинин төрагасы,
  • Президенттин администрация башчысы,
  • Мамлекеттик катчы,
  • Башкы прокурор,
  • Коргонуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси,
  • Тышкы иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси,
  • Өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси,
  • Ички иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси
  • Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси болот. (JsA)

XS
SM
MD
LG