Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:10

Кыргызстанда Орусиянын Маданият күндөрү өтүүдө


Иш-чаранын ачылышына маданият, маалымат, спорт жана жаштар министри Кайрат Иманалиев катышты.
Иш-чаранын ачылышына маданият, маалымат, спорт жана жаштар министри Кайрат Иманалиев катышты.

Бишкекте “Орусия маданиятынын Кыргызстандагы күндөрү” иш-чарасы өтүүдө. Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда 12-августта расмий ачылыш салтанаты уюштурулуп, Орусиядан келген фольклор топторунун концерти, кол өнөрчүлүк көргөзмөсү, түрдүү мастер-класстар болду.

Бүгүн 13-августта Бишкекке иш сапар менен Орусиянын маданият министринин орун басары Ольга Ярилова келди. Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинде Орусиянын руханий-маданий мурасына арналган көргөзмөлөр ачылды. Ага бул өлкөнүн Мамлекеттик чыгыш музейинде сакталып турган 50 эмгек коюлду. Улуттук филармонияда 20-кылымдагы орус элдик ырларынын концерти, Кыргызстан менен Орусиянын маданий кызматташтыгы тууралуу пресс-конференция өттү.

14-август күнү Кант шаарында Санкт-Петербург митрополиясынын хорунун концерти уюштурулат.

2020-жыл Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы эриш-аркак жылы деп жарыяланган. Пандемияга байланыштуу былтыр пландалган иш-чаралардын көбү быйылкыга которулган.

Кыргызстандын Орусиядагы Маданият күндөрү 2018-жылы өткөн. (RK)

XS
SM
MD
LG