Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:57

УКМК Кыргызстанда террор уюштурууну пландаган кишини кармады


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) 11-августта Ооганстандагы «Ислам мамлекети» террористтик уюмунун лидерлеринин тапшырмасы менен Кыргызстанда террор уюштурууну пландаган Кыргызстандын жараны кармалганын билдирди.

Такталган боюнча, кармалган киши 1983-жылы туулган. 2019-жылы эл аралык террористтик уюмдун бандиттик түзүлүштөрүнүн катарында куралдуу чыр-чатакка катышуу максатында Кыргызстандан чыгып кеткен.

Кармалган киши Баткен облусундагы убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов буга чейин Ооганстандагы абалдын курчушу Кыргызстандын эң башкы тышкы коркунучу экенин айткан. Ал Ооганстандын түндүгүндө Талибан кыймылына баш ийбеген террористтик топтор бар экенин билдирген. (МТа)

XS
SM
MD
LG