Лейлек районуна караштуу Катта-Туз аймагындагы кыргыз-тажик чек арасында тажик чек арачылары казган аң жана Максат айылына жакын курулуп жаткан тосмонун курулушу токтотулуп, казылган аң толтурулду.
Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
12-августта президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев кыргыз-тажик чек арасындагы аң казуу аракеттерин токтотуу жана башка чек арага жакын аймактардагы тажик тараптын жүргүзүп жаткан курулуш иштери боюнча Тажикстандын Согд облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Ражаббой Ахмадзода менен телефон аркылуу сүйлөшкөн.
Акыркы окуялар жана Лейлек районундагы Катта-Туз мунай куурунун айланасындагы маселелер боюнча ушул жума соңунда Баткендин жетекчилиги менен Тажикстандын Согди облусунун жетекчилиги жолугушмай болду.
Ушул эле күнү түштө президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдыкерим Алимбаев күч түзүмдөрүнүн облустук жетекчилери менен Тажикстан тараптан ооруканага ок атылганы боюнча чукул жыйын өткөргөн.
Анда коңшу өлкөгө чектеш айылдарды кайтарууга чек арачылар менен кошо ички аскерлерди да тартуу чечими кабыл алынган.
11-августта Лейлек районунун Интернационал айылдык ооруканасына Тажикстан тараптан ок атылган. Андан экинчи кабаттын терезеси талкаланып, окуя болгон жерде 5,45 мм калибрдеги "АК-74" автоматынын огу табылган.
Лейлек районунун акими Алмазбек Рахманкулов учурда жергиликтүү деңгээлде эки тараптуу сүйлөшүүлөр өткөнүн, элге түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын билдирди.
"Окуядан кийин эле дароо чек арачылар эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Эл арасында кооптонуу жок. Жергиликтүү бийлик менен абалды көзөмөлдөп турабыз. Кошуналар менен бул окуя боюнча дагы жолугушуу өтөт".
Ооруканага атылган окко байланыштуу Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматтарынын өкүлдөрү ошол эле күнү жолугушкан.
Анда тажикстандык өкүл куралды текшерүү учурунда ок атылбаганын билдирген. Ошол эле учурда ок кокусунан атылып кетиши ыктымалдыгын четке каккан эмес.
Катта-Тузда кайрадан маселе жаралды
12-августта облустук жыйында Лейлек районунун Арка айылындагы Катта-Туз мунай куурлары жайгашкан жерде Тажикстандын куралдуу күчтөрү аскердик окоп казып алганы да айтылды.
Облустук акимчиликтин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Мусурманбек Турсуматов айылдарда коопсуздук чаралары күчөтүлүп, чек арадагы облус башчыларынын жолугушуусу пландалып жатканын айтты:
"Жыйында облус башчысы бир топ тапшырмаларды койду. Чек ара айылдарында ички коопсуздукту көзөмөлдөө маселеси да көтөрүлдү. Чек арачыларга кошулуп ички аскерлер да чыкмай болуп чечилди. Чек арачылар кечээги ок атуу боюнча эки тараптуу сүйлөшүү өткөрүштү. Анда ооруканага ок атууну териштирүү талабы коюлган. Катта-Туздагы маселе боюнча ушул жума соңунда эки облустун губернаторлору жолугат. Маселе ошондо чечилет".
Лейлек районуна караштуу Катта-Туз аймагынан Тажикстан 1974-жылдардан бери мунай өндүрүп келген. Аймак Кыргызстанга 1992-жылы өтүшү керек болчу. Бирок Тажикстан 1980-жылдары түзүлгөн макулдашуу менен кийин да иштетип турган.
2013-жылы кыргыз чек арачылары Тажикстандын мунай өндүргөн мекемесин Кыргызстанга таандык аймактан чыгарып жиберген.
Ошол учурда коопсуздук маселелери боюнча вице-премьер- министр, мунай кенин Кыргызстанга өткөрүүнүн башында турган Токон Мамытов маселенин татаалдашына жергиликтүү бийликти күнөөлөдү.
"Катта-Туздагы мунай өндүргөн жерди аныктап, кимге карайт, ким көзөмөлдөйт десем жергиликтүү бийлик, аким, губернаторлордун маалыматы жок экен. Тажикстан иштетип жаткан мунай кени үчүн салык да төлөбөйт экен. Биз анан кошуналарды чыгарып, көзөмөлдү колго алып чек арачыларга тапшырганбыз. Анан аким менен губернаторго ошол мунай кенин жок дегенде бир мектептин болсо да балансына өткөрүп тургула, макамын аныктагыла, анан калганы чечилет деп тапшырма бергем. Бирок ошол маселе эмнегедир каралбай кала берди. Тездетип чечип, башка кандайдыр бир маселеге шылтоо калтырбаш керек эле да".
Кыргыз-тажик чек арасындагы апрель айынын соңунда куралдуу кагылыштан кийин эки тарап бир нече жолугушуу өткөрүп, маселелерди сүйлөшүү жолу менен чечүүнү макулдашкан.
Эки мамлекеттин президенттери да жолугушкан. Бирок андан кийин да чек арада бир нече жолу ок атылып, бир чек арачы курман болгон.
Жергиликтүү Сагын аттуу тургун чек арада эки тараптуу сүйлөшүүлөр да, кол коюлган келишимдер да коопсуздукка кепилдик боло албай калганына токтолду.
"Эки тарап сүйлөштүк, бир чечимге келдик эми маселени чече турган болдук, жакшы маанайда жолугушуу өттү деп эле айтышат. Бирок эч нерсе өзгөргөн жок. Анан утур ок атып турушса кантип кошунага, коопсуздукка ишенебиз. Өзүңө сак бол деп эле жашап жатабыз".
Чек арадагы акыркы чыңалуулар ушул жума соңунда белгиленип жаткан облус башчыларынын эки тараптуу жолугушуусунда талкууланат.
Кыргызстан менен Тажикстандын жалпы чек арасы 970 чакырымдай болсо, анын 519 чакырымы гана эки тараптуу такталган. Өткөн ай соңунда өкмөттүк комиссиялардын 40 чакырым чек ара боюнча бир пикирге келгени маалымдалган.
Такталбаган чек аранын айынан чек арада куралдуу кагылышуулар бат-бат болуп турат. Акыркы жолу быйыл 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши каза болгон, анын экөө бала. 180ден ашуун киши жаракат алган. Тажик тараптан 19 киши өлүп, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган.