Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:55

Владикавказ: ооруканада кычкылтек жетпей 11 бейтап каза болду


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Шейшембиде Владикавказ шаарында ооруканада жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулган 11 бейтап каза болгону кабарланды.

Kырсык шейшембиде ооруканага сырттан кирген кычкылтек түтүгүнүн жарылышынан улам келип чыккан. Ал кезде реанимацияда 71 адам болгон, алардын 15и жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулган. Алардын тогузу дароо көз жумган. 10-августта эртең менен дагы эки бейтап каза болгону маалымдалды

Деген менен ооруканада иштеген медайымдар LifeShot "Телеграм" каналына кеминде 15 киши өлгөнүн жашыруун билдиришкен.

"Мен өзүм 15 өлүктү санадым. Бул мен көргөндөрү гана. Кесиптештерим дагы мындайлар көп экенин айтышты. Бул бейтаптар ким экенин билбейм. Бирок менин оюмча, жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулгандар. Көбү кычкылтек жетпей жүрөгү токтоп калды. Саламаттык сактоо министрлиги эмне үчүн тогуз эле киши өлдү деп айтып жатканын билбейм. Балким эл дүрбөлөң болбосун деп жатат", - деди медициналык кызматкерлердин бири.

Ал эми оорукананын кызматкерлери, эгер жергиликтүү бийлик алардын кайрылууларына убагында жооп берсе, кырсыкты алдын алууга мүмкүн экенин эскертишет.

Владикавказдагы оорукана.
Владикавказдагы оорукана.

Ооруканадагы кычкылтек түтүгү бир жарым метр тереңдикте жарылган. Түндүк Осетиянын башчысынын милдетин аткаруучу Сергей Меняйло мындай кырсыктарга эч ким кепилдик бере албасын айтты.

"Биз бардык жерде кычкылтек станцияларын орнотушубуз керек. Бул бизди кычкылтек менен камсыз кылуу боюнча көз карандылыгыбыздан арылтат. Алар буга чейин заказ берилген жана курулуп жатат. Башкача айтканда, биз аларды тез арада орното албайбыз", - деди Меняйло.

Ал ошондой эле, ооруканадагы түтүктөр дээрлик 10 жылдан бери оңдолбой жатканын кошумчалады.

Ал эми Түндүк Осетияда коронавирус менен ооругандардын саны күн сайын өсүүдө. 9-августтан баштап кошумча чектөөлөр киргизилди. Анда дүкөндөрдө, дарыканаларда, мамлекеттик мекемелерде, коомдук транспортто милдеттүү түрдө беткап режими жана бир жарым метр аралыкты сактоо эрежеси тыкыр сакталары кабарланды. Расмий маалымат боюнча, 10-августка карата Түндүк Осетиянын ооруканаларында 900дөй бейтап коронавирустан дарыланып жатат.

Казакстандагы кырдаал

Ал ортодо акыркы апталарда Казакстанда коронавирустан каза болгондордун саны кескин өсүүдө. Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Казакстан коронавирусту жуктургандардын саны боюнча биринчи орунга чыкты. Августтун башынан бери өлкөдө күнүнө кеминде жүздөн ашык киши вирустан көз жумганы катталып жатат. Алсак, 3-августта бир суткада 158 адам коронавирустан каза болгон, бул пандемия башталгандан берки рекорддук көрсөткүч.

Чымкент шаарындагы атайын оорукана.
Чымкент шаарындагы атайын оорукана.

Ошондой эле Казакстанда ревакцинация быйыл октябрда башталышы мүмкүн. Бул деген кайрадан вакцинанын эки дозасын алуу дегенди билдирет. Бул тууралуу Казакстандын Саламаттык сактоо министри Алексей Цой билдирди.

"Биз ревакцинацияны пландап жатабыз. Азыр ыкмалар аныкталат. Бирок ревакцинация эки түрдүү болушу мүмкүн, шашылыш эмдөө же пландуу ревакцинация. Бул адатта жылына бир жолу жасалат. Анткени Казакстан негизинен эмдөөнү кийинчерээк - февралда баштаган болчу. Калк болсо июнь-июль айларында эмдөөдөн өткөн. Бизде дагы антителолор бар. Андыктан экинчи дозаны алгандан кийин болжол менен тогуз айдын ичинде эмделет", - деди Цой.

Ал ошондой эле Казакстанга коронавируска каршы Германиянын Pfizer/BioNTech вакцинасы октябрда келерин, алгач балдарга жана кош бойлуу аялдарга сайыларын ачыктады.

Июлда казак президенти Касым-Жомарт Токаев аталган вакцинанын эки миллион дозасы Казакстанга май айында келерин, бирок бул план үзгүлтүккө учураганын билдирген. Ал вакцинанын өлкөгө жеткирилбей калганына эмне себеп болгонун жана ким күнөөлүү экенин айткан эмес.

Учурда Казакстанда Орусиянын "Спутник V", Казакстандын QazVac, Кытайдын Sinopharm жана Coronavac вакцинасы сайылууда.

Ал эми Өзбекстандын Билим берүү министрлиги жаңы окуу жылында мектептерде сабак аралаш формада өтө турганын жарыялады. Министрлик муну Өзбекстанда коронавирус жуктурган учурлар, өзгөчө мектеп жашында инфекцияга кабылгандар көбөйүп жатканы менен түшүндүрдү.

Абалга жараша айрым мектептер карантинге алынып, окуу аралыктан өтүшү ыктымал. Бул үчүн сабактар мурдагыдай эле “Онлайн-мектеп” долбоорунун алкагында көрсөтүлүп турат.

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Деген менен министрлик кандай гана заманбап система болбосун, ал мектептеги билим берүүнү алмаштыра албай турганын айтып, мугалимдерди тезинен эмдөөдөн өтүүгө чакырды.

Ошондой эле, Өзбекстандагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын маалыматы боюнча коронавирус менен ооруп калган кызматкерлер акы төлөнбөгөн эс алууга чыгарылууда.

Айрым компаниялар жумушчуларын коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүгө мажбурлап жатканы кабарланды.

“Үч айдын ичинде биздин эки кесиптешибиз коронавирус илдетин жугузуп алды. Азыр алар акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүндө. Жетекчибиз бардыгыбыз эмделишибиз керектигин айтты. Эгерде эмделбесек, айлык төлөнбөй турганы эскертилди”, – деди атын атагысы келбеген Хорезмдеги газ тармагынын кызматкери.

Буга чейин Өзбекстандагы бир катар ишканалардын жумушчулары милдеттүү түрдө мажбурлап эмдөөгө даттанышкан болчу. Бирок Өзбекстанда мыйзам жарандарды мажбурлап эмдөөгө тыюу салат.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG