Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:18

Вакцинанын муздаткычын уруксатсыз ачкан аялдын видеосу боюнча териштирүү жүрдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте бейтапканада коронавируска каршы вакцина сакталып турган муздаткычты уруксатсыз ачып, телефонуна видеого тарткан аял боюнча жүргүзүлгөн териштирүүнүн жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу 9-августта Ден соолукту чыңдоо боюнча республикалык борбор билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя №8 бейтапканада болгон. Вакцина алгандан кийинки жарым сааттык медициналык байкоодо отурган аял эскертүүгө баш ийбей, муздаткычты өз алдынча ачып, видеого тарткан. Анда ал колуна муздаткычтын ичиндеги термометрди алып, вакцина +17 градуста сакталып жатканын айткан.

“Термометр өзү +5 градуска чейин гана көрсөтө алат. Видео тартылып жаткан убакта муздаткычтын ичиндеги температура +17 эмес, +1,7 градус болчу” деп билдирди мекеме.

Окуя боюнча комиссия түзүлүп, териштирүү жүргүзүлдү. Видеонун автору термометрди түшүнбөй, элге чындыкка дал келбеген маалымат таратканы, вакцинаны сактоо эрежеси бузулбаганы айтылды.

Учурда республиканын бардык аймактарында "Спутник V", Sinopharm жана AstraZeneca вакциналарын алууга шарт бар. Вакцина 18 жаштан улуу курактагы бардык каалоочуларга сайылууда.

Өлкөдө коронавируска каршы эмдөөдөн өткөндөрдүн саны 9-августка карата 721 миңден ашты. (RK)

XS
SM
MD
LG