Анткен менен ооган-тажик чек арасынын бир тилкесин кайтарууну Тажикстанда тыюу салынган "Ансоруллах" тобуна табыштаганы маалым болуп, ар кандай талкуу, кооптонуулар айтыла баштады. Дүйшөмбү ал топтун көпчүлүк лашкерлерине эл аралык издөө жарыялаган.
Ооганстандын түндүгүндөгү окуялардын бир күбөсү "Озоди" радиосунун кабарчысы менен маегинде Тажикстан менен чектешкен жерлердин биринде "Талибан" кыймылынын желегин “тажик талиби” Махди Арсалан илгенин ырастады. Жоочулар тарабынан даярдалган видеодо аймакты басып алуу операциясына катышкан лашкерлер Тажикстандын белгилүү бир аймагына тиешелүү диалектте сүйлөп жатканын угууга болот. Ооганстанда андай адамдарды “тажик талибдери” деп коюшат. Чынында алар Тажикстанда тыюу салынган “Ансоруллах” тобунун лашкерлери.
Тажикстан менен чектешкен жердеги чек ара бекетин кайтаруу милдетин талибдер “Ансоруллах” тобуна табыштады, ошол эле мезгилде "Талибан" кыймылы катарында бир да чет элдик жарандар жок экенин айтып келет.
АКШ менен кол коюлган келишимге ылайык "Талибан" чет элдик террорчул жана радикал топтор менен байланыш-катышын толук үзүшү керек эле. Талибдер “Аль-Каида” менен байланышын токтотуп, анын кайсы бир түзүмдөрүнүн Ооганстанда иш жүргүзүшүнө жол бербөө милдетин алган.
2017-жылы саясий зомбулуктар менен террорчулукту изилдөөнүн эл аралык борбору даярдаган баяндамада "Ансоруллах жамааты" "Аль-Каиданын" өнөктөшү экени белгиленген. Социалдык тармакта "Ансоруллах" лашкерлери "Аль-Каидага" берилгендигин билгизип ант беришкенин көрсөткөн видео тасмалар буга чейин көп жарыяланган.
Бир дарыянын эки жээги
Тажикстан менен чек арада "Талибан" кыймылынын туусун илген Махди Арсалан оогандык беш уезддин - Куфоб, Шикай, Нусай, Маймай менен Хохондун башкаруучу “эмири”. Бул аймактар Тажикстандын Дарвоз жана Шамсиддин Шохин райондору менен чектешет, эки өлкөнүн ортолук чегин Пянж дарыясы гана бөлүп турат.
"Озоди" радиосуна маалымат берген булактар Махди Арсалан Мухаммад Шариповдун жашыруун аты экенин, ал өзү Тажикстандын чыгышындагы Нурабад районундагы Шербегиён айыл аймагында төрөлүп-өскөнүн ырасташты.
Тажикстандын Чек ара аскерлеринин өкүлү оогандык кесиптештеринин маалыматына таянып, Тажикстанга чектеш жерде Мухаммад Шарипов жетектеген “тажик талибдери” жайгашканын билдирген. Ооган-тажик чек арасынын “Дарваз” участогун кайтаруу милдети Махди Арсаланга жүктөлгөнүн биздин булак да ырастады. Ага улай ал "бийликтегилер 200гө жакын Тажикстан жарандары же болбосо “тажик талибдери” урушта жүрүшкөнүн аныкташканын” кошумчалады.
Тажикстандын жарандарынан куралган талиб топторунун 2020-жылдын 19-ноябрында оогандык Бадахшан провинциясынын Маймай (Өйдөңкү Дарваз) аймагындагы ооган полициясына кол салуусунан 24 ооган аскери курман болгон. Тажиктин айырмалуу диалектинде сүйлөшкөн жоочулар соцтармакка 10 мүнөттүк "Фатхи райони Моймай" ("Маймай аймагын каратуу") деген фильмин жарыялашты. Тажикстандын ИИМ булагы видеокадрлардан Маймай аймагында ооган жоокерлерин жок кылган 10 лашкердин кимдиги аныкталганын маалымдады. Жоочулардын арасында Мухаммад Шарипов да жүргөн.
Ооганстандын Дарваз аймагынын башчысы генерал Кадыр Сафо "Озоди" радиосунун кабарчысы менен маегинде жоочулардын баары талибдер тарабында согушуп жаткан "Ансоруллах" тобунун мүчөлөрү экенин бышыктады.
"Бир нече жоочу Маймай үчүн урушта жок кылынган, биз алардын кимдигин аныктаганбыз. Биз ошондой эле алар жеригиликтүү ооган кыздарына үйлөнгөнүн аныктадык",- дейт ооган генералы.
Кадыр Сафо "тажик талибдери" катарына мекендештерин арбын кошуп алып жатканын кошумчалады.
"Жоочулар Тажикстандын жарандарын кошуп аларын биз жакшы билебиз. Быйыл жазында Тажикстандын тогуз жараны Рушан, Шугнан участокторундагы чек арадан жашыруун өтүп, талибдерге кошулгандыгы тууралуу маалыматты алганбыз. Аны Тажикстандын консулдугуна бергенбиз. Кышында жана жазында "Талибан" кыймылына бир топ тажикстандыктар кошулганын билебиз",- деди ал.
Тажик жоочулары тарабынан негизделген "Ансоруллах" ("Жамаат Ансаруллах") террордук уюму Тажикстандагы жарандык согуш (1992-97-ж.) аяктагандан кийин Пакистанда пайда болгон. Топтун жетекчиси Бириккен тажик оппозициясынын (БТО) мурдагы талаа командири Амриддин Табаров эсептелчү. Бул топко 1997-жылы Москвада кол коюлган Тажикстандагы тынчтык жана мунасага келүү тууралуу жалпы келишимдин шарттарын кабыл албай койгон жоочулар кирген. Махди Арсалан болгонго чейин Мухаммад Шарипов катары белгилүү жанкечти "Ансоруллах" жоочуларынын экинчи муунунун өкүлү.
"Ансоруллах" согушкерлер тобу бир кездери Пакистан менен Ооганстанда "Өзбекстан ислам кыймылы", "Чыгыш Түркстан ислам кыймылы", "Ислам жихад кыймылы", "Жундулхалиф", "Кавказ ислам эмирлиги", "Аль-Каида" тармагы жана "Талибан" кыймылы менен кызматташып жүргөн.
2019-жылы топтун негиздөөчүсү Амриддин Табаровдун эки уулу Ооганстандан Тажикстанга өткөрүлүп берилген. Алар 2009-жылы америкалык аскерлердин колуна түшүп калып Тажикстанга өткөрүлгөнчө Баграмдагы аскер базасынын абагында кармалган. Тажикстан ИИМинин маалыматы боюнча Амриддин Табаровдун өзү 2016-жылкы Ооганстандагы аскердик операцияда жок кылынган.
"Талибан" катарында тажикстандыктар жок экенин айтуудан тажабайт. Бирок...
Кыймылдын расмий өкүлү "Озоди" радиосуна берген маегинде “Талибандын” катарында тажикстандык жарандар жок экенин ырастады. Кыймылдын басма сөз катчысы Забиулла Мужахид "Талибан" Тажикстан менен достук мамиледе болууга кызыкдар экенин ырастап, кайсы бир куралдуу жоочулардын ооган жеринен коңшуларга кол салышына эч качан жол беришпестигин билдирди. Анын айтуусунда, түндүк үйөздөрдү басып алуу учурунда талибдер Тажикстан тарапка өтүп жаткан ооган аскерлерине ок атышкан эмес.
"Биз бир да ок тажик аймагына тийбесин дедик", - дейт Мужахид.
Орусиянын Ооганстан боюнча атайын өкүлү Замир Кабулов да талибдер Тажикстандын аймагына киришпегенин, ал жакка ооган өкмөттүк күчтөрүнүн аскерлери качып өткөнүн айтты.
"Качып өткөндөн кийин тажик аймагынан талибдерге каршы ок атышты. Бирок талибдер талаа кошуун жетекчилерине тажик аймагына карата ок чыгарбоону тапшырган экен, ал жактан ок атылбады",- деп билдирди дипломат орусиялык маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен болгон маегинде.
Бирок Ооганстан менен чектеш тажикстандык айылдардын жашоочулары мындай билдирүүгө ишенишпейт.
"Ошол күндөрү биздин башыбыздан октор көп эле учту",- деп айтты "Панжи Поён" чек ара бекетинин жумушчусу Амиржон Эмомализода.
Соңку эки айда талибдердин сүрүнөн корккон Ооганстандын 1600 жараны Тажикстанга өтүштү.
"Биз бул маалыматты тактайбыз. Биз бул аймактарды башкарууну жаңыдан баштап жатабыз. Биздин атыбыздан чет элдиктердин чыгышына жол бербейбиз. Биз иликтеп чыгабыз. Эгер арабыздан чет элдик жоочулар чыгып калса, аларды өз өлкөсүнө чыгарып жиберебиз", - дейт Забиулла Мужахид.
Бул анын Ооганстандын түндүгүндө Тажикстандын жарандары согушуп жүрөт деген суроого берген жообу болду.
Тажикстан бийлиги талибдер арасында өз жарандары жүргөнүн бир нече ирет ырастап, радикал кыймылдын улам-улам кайталаган убадаларына ишенбестигин билдирип келатат. 5-июлда президент Эмомали Рахмон өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин жыйынында Коргоо министрлигине резервдеги 20 миң аскерди Ооганстан менен Тажикстандын чек арасын чыңдоого тартуу тапшырмасын берди.
Жакында Тажикстан өлкө тарыхында биринчи ирет шашылыш буйрук менен аскерлерин, болгон күч кызматтарын, ошондой эле тапшырма аткарууга жөндөмдүү резервди толугу менен көтөрдү. Аскердик даярдыкты текшерүүгө 130 миңдей запастагы офицерлер менен жоокерлер, 100 миңден ашуун аскерлер менен укук коргоо органдарынын кызматкерлери катышты. Тажикстан Орусияны, ошондой эле Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кирген башка өлкөлөрдү Ооганстан менен чек арасын коргоого жардам берүүгө чакырды.
Тажикстан өкмөтүнүн өкүлү "Озоди" радиосуна берген маегинде Ооганстан менен чек арадагы абал "өтө кооптуу" экенин белгиледи.
"Туура, буга чейин талибдер бизге эч жамандык кылышкан жок. Алар курал алып тажик жерине кирүүгө эч кимге мүмкүндүк бербейбиз деп келатышат. Анткен менен чек аранын айрым тилкелерин кайтарууну Тажикстанда тыюу салынган, талибдерге талыкпай кызмат кылып келаткан "Ансоруллах" тобуна берип коюшту. Эгерде эртең-бүрсүгүнү бул топтун лашкерлери "Талибан" кыймылынан бөлүнүп Тажикстанга кол салсачы, анда эмне болот?",- деп атын атагысы келбеген өкүл суроо койду.
Тажик эксперти Фаридун Ходизоданын айтымында, мурда "Ансоруллах" чектелүү сандагы, башкаларга ыдык көрсөтө албаган алсыз топ болчу, ошондуктан ал тез эле "Аль-Каиданын" торуна кабылып, анын камчысын чаап калган. Бирок топтун байрагы да өнөктөшүнүн туусуна окшошуп турат. Кийинки жылдары "тажик можахеддери" талибдердин катарында согушуп жүрөт.
"Өтө коркунучтуу жана мыкаачы"
Тажик атайын кызматтарынын маалыматы боюнча, 26 жаштагы Мухаммад Шарипов же Махди Арсалан "Ансоруллах" согушкерлер тобуна жети жыл илгери кошулган. Анын атасы Мирхожа Шарипов Амриддин Табаровдун жакын адамы болчу. Мухаммад Шариповдун эжелеринин бири "Ансоруллах" тобунун негиздөөчүсүнүн балдарынын бирөөсүнө турмушка чыккан.
Мирхожа Шариповдун бир уулу 2011-жылы тажик атайын кызматынын Рашт районундагы Мулло Абдуллонун отрядын жок кылуу операциясында жок кылынган.
"Мухаммад Шариповду коркунучтуу, аёо билбес жоочу катары билебиз. Биз анын бомба жасай аларын, ок атуучу куралдарды ыктуу пайдаланарын, чакан куралдуу топту башкарарын билебиз. Мухаммад Шарипов Бадахшан провинциясындагы бир катар үйөздөрдү басып алууга активдүү катышкан",- дейт "Озоди" радиосунун булагы.
Нурабад районундагы Шербегиён кыштагында бул үй-бүлөнү баары билишет. Миңге жакын киши жашаган кыштактан анча алыс эмес жерде "Ансоруллах" тобунун негиздөөчүсү Амриддин Табаровдун айылы жайгашкан. Мулло Абдуллого каршы атайын операция учурунда бул кыштактын ондогон адамдары жок кылынган. Шербегиён кыштагынын ондон ашуун адамы ушу тапта Ооганстанда жүрөт.
Шербегиён айылындагы мектептин директору Аминжон Мирхожа Шарипов балдарын (2 уулу менен 6 кызын) мектепке жөнөтпөй, кичине кезинен диндин негиздерине үйрөткөнүн айтат.
"Ал Бириккен тажик оппозициясынын урушчуларынын талаа башчысы болчу, ага эч ким каяша кылчу эмес", - дейт маектешибиз.
Бириккен тажик оппозициясынын жанкечти башчыларынын мындан он жыл илгери Рашт өрөөнүндө кадыры бийик эле. Мулло Абдулло Рахимовду жок кылууга багытталган атайын операциядан кийин бийликтегилер ар кандай шылтоолор менен мурдагы корбашыларды камакка ала баштады, айрымдары жок кылынды. Ошондой тагдырга Мирхожа Шарипов да туш келди.
"Талаа командири жок кылынгандан кийин анын буга чейин бир да жолу мектепке барбаган уулу Мухаммад жетинчи класстын окуучусу болуп партага отурду. 2011-жылы ал мектепти бүттү, андан кийин аны бул жерде эч ким көргөн жок", - деп айтты мектеп директору.
Орусиядан Ооганстанга созулган узак жол
Мухаммад Шариповдун апасы Зулкада Юнусова "Озоди" радиосуна берген маегинде уулу 2015-жылы акча тапканы Орусияга кеткенин айтты. Жаңы баргандан кийин жарым жылга чейин Мухаммад апасына тез-тез телефон чалып турган. Ушул эле жылдын октябрында апасына карагай кыркканы алыс жакка кетип баратканын кабарлаган.
"Мухаммад ал жерде чалайын десе уюк телефон тартпай турганын айтып, эч кандай камтама болбошун эскерткен. Арадан жети ай өттү, биз баарыбыз аны карагай жыгып, токойдо иштеп жүрөт деп ойлогонбуз. А бирок 7-8 айдан кийин үйгө милициялар келип Мухаммад Ооганстанда жүргөнүн айтышты",- дейт апасы.
Зулкада Юнусова уулу менен 20-июлда акыркы жолу Курман айттын алдында сүйлөшкөнүн билдирди. Апасы уулу Тажикстанга чектеш ооган жеринде жүрөрүн ырастады.
"Озоди" радиосунун кабарчысы Махди Арсалан Ооганстанга келип "тажик талибдерине" кошулууну сунуштап, үгүт жүргүзгөн тажикстандык жарандар менен да сүйлөштү.
Коопсуздук чараларынан улам атын атагысы келбеген маектешибиз Мухаммад Шарипов (Махди Арсалан) менен Орусияда таанышканын айтты.
"Ал мени Ооганстандагы "жихадга" барууга үндөдү. Акыркысы мындан эки ай мурда болду. Башында анын айткандарын кызыгуу менен уктум. Бирок бир жолу экөөбүз урушуп кетип, мен анын туура эмес жолго түшүп калганын, өз өмүрүн башка бирөөлөрдүн кызыкчылыгына садага чапканы туура эместигин айттым. Ошондон кийин ал менин WhatsApp номурумду бууп койду",- деп айтты маектешибиз.