Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:58

Талгарбеков: Акаев тергөөгө жооп берип, агаларына куран окуткандан кийин Москвага кайтат


Аскар Акаев.
Аскар Акаев.

Мурдагы президент Аскар Акаев Кыргызстанга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) “Кумтөр” боюнча суроолорго жооп берүү сунушуна макул болуп келди, андан соң ал кайра Москвага кайтат. Бул тууралуу 2-августта “Азаттык” радиосуна мурдагы министр Бекболот Талгарбеков билдирди.

Талгарбековдун айтымында, демилге УКМК тараптан болгон, Акаев сунушту кабыл алып, баары мыйзам чегинде болоруна кепилдик алгандан кийин келди:

“Биринчи максаты – УКМКнын сунушуна макул болуп, коюлган суроолоруна жооп берүү. Экинчи максаты – мурдагы бийликтердин тушунда эки агасы өтүп кеткен, аларга топурак сала алган эмес, куран окута алган эмес, ошолорго куран окутуу. Ошондон кийин кайра эле кайтат Москвага. Кайтып, иштерин улантат”.

Акаев “Кумтөр” долбоорун ишке ашыруудагы коррупция фактылары боюнча кылмыш ишин иликтөө алкагында 2-августта Бишкекке жеткирилип, ишти тергеп жаткан мекеме аралык тергөө тобуна өткөрүлүп берилгенин УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Мурдагы президенттин жакын байланыштагы адамдары ал Кыргызстанга өзү келгенин айтышты.

УКМКнын маалыматына караганда, "Акаев мурдагы жогорку кызматтагы адамдар менен катар 1992-жылы "Кумтөр" долбоору боюнча башкы макулдашууну түзүүдөгү, ага 1994-жылы өзгөртүү киргизүүдөгү жана 2003-жылы "Камеко" компаниясы менен башкы макулдашууну реструктуризациялоодогу коррупция фактысы боюнча кылмыш жообуна тартылган. Тергөө Акаев президент болуп турган кезде "Кумтөр" долбоорун ишке ашыруудагы коррупцияга тиешеси бар бардык адамдарга юридикалык баа берген".

Акаев Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган. 2005-жылкы март окуясында бийликтен кулатылгандан кийин үй-бүлөсү менен Орусияга чыгып кеткен, ошондон бери мекенине келе элек болчу.

Өлкөнүн азыркы бийлиги Кумтөр алтын кени боюнча эл аралык соттук териштирүүдө “Центерра Голд” мурдагы мамлекет башчыларын "сатып алганын" далилдөөгө аракет жасай турганын билдирип, буга байланыштуу мурдагы президенттер Аскар Акаевге, Курманбек Бакиевге жана Алмазбек Атамбаевге карата кылмыш иши козголгонун маалымдаган. (RK)

Аскар Акаев: Садыр Жапаров менен жолуктум
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:40 0:00

XS
SM
MD
LG