Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:28

Аскар Акаев: резиденцияда Садыр Жапаров менен жолуктум


Аскар Акаев, Кыргызстандын мурдагы президенти. 2-август, 2021-жыл. Бишкек
Аскар Акаев, Кыргызстандын мурдагы президенти. 2-август, 2021-жыл. Бишкек

Мурдагы президент Аскар Акаев Кыргызстанга бийлик менен кызматташуу максатында келгенин айтты. Бул тууралуу ал 2-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен (УКМК) сурактан чыккандан кийин журналисттерге билдирди.

"Мен кызматташууга, көмөктөшүүгө келдим. Билесиздер, "Кумтөр" долбооруна байланыштуу мага дооматтар бар. "Кумтөр" менин учурумда түптөлгөн. Мен Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасына ыраазычылык билдирем. Мени жакшы кабыл алышты. Албетте, суроолор бар. Алгачкы суракка кирип чыктым. Мен "Кумтөрдү" кантип, эмне үчүн түптөгөнүбүз тууралуу чын жүрөктөн айтып берүүгө келдим".

Акаев президент Садыр Жапаров менен мамлекеттик резиденцияда жолукканын, Кыргызстанга келүүгө жол ачып бергени үчүн рахмат айтканын да кошумчалады.

Ал “Кумтөр” долбоорун ишке ашыруудагы коррупция фактылары боюнча кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында дүйшөмбүдө Бишкекке келген.

Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган. 2005-жылы март окуясында бийликтен кулатылгандан кийин үй-бүлөсү менен Орусияга чыгып кеткен, ошондон бери мекенине келе элек болчу.

Өлкөнүн азыркы бийлиги Кумтөр алтын кени боюнча эл аралык соттук териштирүүдө “Центерра Голд” мурдагы мамлекет башчыларын "сатып алганын" далилдөөгө аракет жасай турганын билдирип, буга байланыштуу мурдагы президенттер Аскар Акаевге, Курманбек Бакиевге жана Алмазбек Атамбаевге карата кылмыш иши козголгонун маалымдаган. (SE)

XS
SM
MD
LG