Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:01

Азери-армян чек арасында кайрадан ок атылды


Армян-азери чек арасы.
Армян-азери чек арасы.

Ереван ок атышууда үч аскери каза таап, дагы экөө жарадар болгонун кабарлады. Ал эми Баку эки жоокери жарадар болгонун билдирди.

28-июлга караган түнү Армениянын Гегаркуник облусу менен Азербайжандын Келбажар району чектешкен чек ара аймагында ок атышуу болуп, куралдуу кагылышуу таңга маалга чейин созулду.

Азербайжандын Коргоо министрлиги Келбажар районундагы азери-армян чек ара аймагында жайгашкан аскер бөлүктөрү күтүүсүз аткылоого алынганын айтып, армян күчтөрү чек арада кырдаалды курчутуп, чагым жасады деп айыптады. Министрликтин маалыматы боюнча армян тараптан ок атуу 28-июлга караган түнү саат түнкү 00: 50 чамасында башталган.

Ал эми Армениянын Коргоо министрлиги азери куралдуу күчтөрү ок атышууну токтотуу тартибин бузуп, 28-июлга караган түнү саат 3:40тар чамасында армян-азери чек арасынын түндүк-чыгышынан аткылаганын белгилеп, кырдаалды курчутканы үчүн жоопкерчилик Азербайжандын саясий-аскердик жетекчилигинде экенин кошумчалады.

Былтыр күзүндө бул эки өлкө Тоолуу Карабак аймагы үчүн алты жумадай согушкан. 6900дөн ашык адамдын өмүрүн алган жаңжал Армения, Азербайжан жана Орусия кол койгон ок атышууну токтотуу боюнча келишимден кийин басылган. Ага ылайык, Ереван этникалык армяндар ондогон жылдан бери көзөмөлдөп келаткан жерлерди Азербайжанга кайтарган.

XS
SM
MD
LG