Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:14

Европага катализаторду мыйзамсыз алып чыгуу аракетине бөгөт коюлду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 18-июлда Бажы кызматы менен бирге "Манас" аэропортунан Европа өлкөлөрүнө мыйзамсыз чыгарылып бараткан автоунаалардын бир тоннадан ашык катализаторун кармады.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, буга чейин катализаторлорду массалык түрдө мыйзамсыз сатып алып, андан кийин Европага экспорттоо схемасына бөгөт коюлган.

Ушул жылдын 23-февралында Литвага чыгарылып бараткан эки тоннага жакын катализатор кармалган. 9-апрелде Бишкекте катализаторлорду чогултуу жана сатып алуу боюнча 12 пункттун иши токтотулган.

Автоунаадагы катализатор - атмосферага уулуу заттардын чыгышын тосуп турган чыпка. Азот кычкылын, ис жана көмүр кычкыл газын зыянсыздандыра турган машиненин шайманы.

Анда платина, палладий, родий деген баалуу металлдар бар. Ушундан улам Кыргызстанда аны саткандар көбөйгөн.

УКМК катализатору жок автоунаадагы колдонулган газ адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө зыян экенин, тиешелүү органдар катализаторлорду экспорттоого жана сатып алууга тыюу салуу маселесин карап жатканын билдирди. (BTo)

XS
SM
MD
LG