Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:50

Германияда суу ташкын 100дөн ашуун адамдын өмүрүн алды


Германиядагы суу ташкында миңдеген турак-жайлар кыйрады.
Германиядагы суу ташкында миңдеген турак-жайлар кыйрады.

Европанын батышындагы бир нече мамлекетте эки-үч күн катары менен тынбай жааган жамгырдан улам дарыялар нугунан чыгып, калктуу конуштарды каптады. Германияда суу ташкын 100дөн ашуун адамдын өмүрүн алды. Миңден ашык кишинин дайыны белгисиз. Бул өлкөдө жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок.

Немистердин ADR телеканалы 16-июлда билдиргендей, Германиянын батышындагы суу ташкындан 80ден ашуун киши көз жумду. Кёльн шаарынын түштүгүндөгү Арвайлер районунда 1300дөн көп киши дайынсыз болуп жатканы кабарланды. Тынбай төккөн нөшөрдөн улам дарыялар нугунан чыгып, жакынкы аймактарды каптаган.

Мындан улам Түндүк Рейн-Вестфалия жана Рейнланд-Пфальц аймактарында кан жолдор жабылып, жергиликтүү тургундар коопсуз жайларга чыгарылды. Аталган облустарда жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин Бонн шаарындагы бөлүмүнүн башчысы Чинара Токталиева билдирди.

"Биз Дюссельдорф шаарынын Өзгөчө кырдаал бөлүмү менен байланыштабыз. Жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Болбой эле койсун. Негизинен дарыянын жээгинде жайгашкан кыштактарды суу каптап кетиптир. Биз жабыркаган аймактардагы кыргызстандыктар жана тийиштүү жергиликтүү мекемелер менен байлынышып, кабар алып жатабыз".

Түндүк Рейн-Вестфалия аймагынын жергиликтүү парламенти кырдаалды талкуулоо үчүн чукул жыйынга чогулду. Германиянын ички иштер министри Хорст Зеехофер федералдык өкмөт жабыркаган аймактарга каржылык колдоо көрсөтөрүн билдирди.

Кыргызстандык Элмурат Анарбаевдин айтымында, ал жашаган Трабен-Трарбах шаарында да каналдагы суу көтөрүлүп, үйлөрдү каптады, курман болгондор жок.

"Биз жакта канал бар, суунун деңгээли көтөрүлүп айрым үйлөрдүн ичине чейин кирди. Ал үйлөрдө жашагандар коопсуз жайларга көчүрүлдү. Түнү бою тийиштүү мекемелер кырдаалды көзөмөлдөп турушту. Быйыл суунун деңгээли өзгөчө көтөрүлүп, айрым аймактарда өлгөндөрдүн саны өсүп жатат".

Германиянын батышындагы суу ташкын. 15-июль, 2021-жыл.
Германиянын батышындагы суу ташкын. 15-июль, 2021-жыл.

Вашингтондо жүргөн Германиянын канцлери Ангела Меркел суу ташкында каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, жоголгондорду тезирээк табуу үчүн бардык күч жумшаларын убада кылды:

"Мен бул алааматта жабыркагандарга көңүл айтам. Биз алардын так санын азырынча билбейбиз. Көп болушу мүмкүн. Кимдир бирөөлөр жер төлөлөрдө жашырынып отурушат. Куткаруучулар аман калгандарды коопсуз жайларга чыгарып кетүүнүн аракетин көрүп жатышат. Каза болгондордун жакындарына көңүл айтам".

Куткаруу операцияларына суу алып кеткен жолдор, мобилдик байланыштын жана Интернеттин үзгүлтүккө учурашы аябай жолтоо болду. Айрым кыштактардагы эски жыгач үйлөр толугу менен кыйрап калды.

Европадагы кырдаал

Коңшу Бельгияда дагы кырдаал бир нече күн тынбай жааган жаандан улам Валлония дарыясы нугунан чыгып, бир нече шаарды каптады. Өзгөчө Льеж жана Намюр шаарлары жабыркады. Шофонтен шаарынан эки миңге чукул адам коопсуз аймактарга чыгарылды.

Вервье шаарында көчөлөрдү каптаган суу автоунааларды агызып кетип жаткан видеолор социалдык тармактарга жайылды. Бул калаанын бийлиги мародерлук башталгандыктан өзгөчө кырдаал режимин жарыялаганга аргасыз болду.

Франциянын чыгышындагы бир нече провинцияда суу ташкындашы мүмкүн деген эскертүү берилди.

15-июлда Еврокомиссиянын президенти Урсула фон дер Ляен жабыркагандарга жардам берүүнү убада кылды.

Швейцарияда бир нече көлдун деңгээли көтөрүлгөнүнө байланыштуу Берн шаарынын бийлиги тургундарга автоунааларын дөңсөө жерлерге токтотууну сунуштады. Нидерландда каза болгондор тууралуу маалымат жок. Анткен менен Маас дарыясынын жээгиндеги шаарлардын жана айылдардын тургундарына коопсуз аймактарга чыгып кетүү эскертилди.

XS
SM
MD
LG