Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаарчасынын тургуну Бекзат Орунбеков - демилгечи топтун мүчөсү. Анын айтымында, Айдаркендин аймагында жайгашкан, таза суу булагы болгон айрым кендер быйыл 23-июнда аукционго коюлуп сатылганы жатат. Сары-Таш, Кургак-Көл жана Гавиан кендери жайгашкан жерлер бир нече айыл өкмөтүн таза суу менен камсыз кылат.
Бекзат Орунбеков активист жаштар менен тургундарды чогултуп, бул кендерди иштетүүгө, аукционго коюлуусуна каршы чыгууда:
«Бул кендерде алтын, күмүш баш болгон баалуу таштар бар. Ушул суу башы болгон кендерди сатыкка коюу туурабы? Кантип билсек болот? Биз өзүбүз да атайын топ түзүп, кендердин сатылышына каршы чыгып жатабыз. Эгер сатылып кетсе Сох анклавы, Айдаркендеги бир нече айылдар, талаалар - баары ошол кен турган жерден суу ичет. Ичкен суубузга химиялык заттар түшүп, элдин саламаттыгы кандай болот? Аукционду токтотуш керек болуп жатат. Бул кендер Курманбек Бакиевдин учурунда да сатылат деп, бирок ал кытайларга макул болбой коюп, берилбей калган».
Айдаркен шаарынын башчысы Байышбек Астанакуновдун айтымында, чындыгында Гавиан кени жайгашкан жерден бул шаарга караштуу бир нече айыл өкмөтү таза суу менен камсыз болот. Астанакунов жергиликтүү бийлик бул багытта алып барып жаткан иш тууралуу айтып берди:
«Туура, бул кендер турган жерден эки айыл өкмөту таза суу ичет. Айдаркен шаары да Гавиандан таза суу менен камсыз болот. Бийлик ушундай чечим чыгарып, аукционду июндун аягында өткөрө турган болуптур. Жергиликтүү кеңеш, фракция мүчөлөрү биригип, биз да активисттердин ой-пикирин, талаптарын өкмөткө жеткирели деп аракет кылып жатабыз. Тоо-кен иштетүү боюнча комиссияга мүчө болуп калсак, албетте, элдин талаптарын бийликке жеткирип турабыз».
Талкаланган мектеп
Сокулук районунун Күн-Туу айылынын тургуну Канышай Тобокелова бул айылдагы мектептин чатырын 18-майда шамал алып кеткенин, балдар окууга кооптуу, авариялык абалда калганын айтып кайрылды. Ошондой эле талкаланган мектеп имаратынын сүрөтүн, видеолорун да жиберген.
«Мен 2016-жылы Сокулук районунун Күн-Туу айылындагы орто мектепке кичүү уулумду окуганы бергем, - дейт ал. - Ошондо эле мектептин имараты урап, бир нече корпусу жарабай калган эле. Эми 18-майда болгон катуу шамалдан мектептин чатырын алып кетип, аябай кооптуу абалга туш болуптур. Карантин болгондуктан, балдар окубай, адам өмүрүнө коркунуч келген жок. Кокус балдар окуп жаткан маалда ушундай кырсык болсо, жок эле дегенде 100дөй адамдын өмүрүн алмак. Ушундан улам бул мектепти жаңыдан куруп берүүнү ата-энелер комитетинин атынан суранып, кайрылып жатабыз».
Бул кайрылууга Билим берүү министрлигинин Мамлекеттик сатып алуу жана инфратүзүм бөлүмүнүн башчысы Бакыт Кадыркулов жооп берди:
«Ал айылдагы мектеп төрт корпустан турат. 2016-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги анын үчүнчү жана төртүнчү корпустары авариялык абалда деген корутунду чыгарган. Ошондон бери бул эки корпус жабылып, иштебей турат. Балдар биринчи, экинчи корпуста окуп жатышкан. Бул мектептин авариялык абалынан улам өкмөткө, Финансы министрлигине жана Курулуш, архитектура агенттигине жыл сайын эле сунуш киргизип келе жатабыз. Быйыл бул мектеп титулдук тизмеге, башкача айтканда курулуш тизмесине кирди. Жалпы сметалык баасы 102 миллион сомду түзөт. Авариялык абалдагы эки корпус айыл өкмөтү тарабынан тосулуп, эми атайын чечим менен толук бузулмакчы. Быйыл курулуш иштери башталып калса, 2021-жылы жаңы мектепти колдонууга беребиз деп пландап жатабыз».
Үйү өрттөнгөн акын
Алай районунун Сарык-Могол айылынын тургуну, Өскөнбай Бердибаев «Эл үнү» берүүсүнө жардам сурап кайрылды. Ал жети баланын атасы, кышында кичүү кызынын буту күйүп, аны менен ооруканада жатканда айылдагы үйү өрттөнүп кеткен. Кызына дары-дармек алууга, операцияга өтө көп каражат кеткенин, айрыкча кан, плазма куйганга тыйыны жетпей, келинчегинин паспорту Ош шаарындагы Кан борборунда күрөөдө калганын айтып кейиди.
Өскөнбай өзү ыр жазат, «Янги Овоз» Орто Азия жазуучулар союзунун мүчөсү.
Жок болуп дарек-дайным таппай жүрөм,
Бар болуп кең дүйнөгө батпай жүрөм.
Түйшөлүп эзилсем да санаа тартып,
Жарылып мен эч кимге айтпай жүрөм.
Чок болуп жанып-өчүп, күйүп жүрөм,
Башыма көп түйшүктү үйүп жүрөм.
Ташыркай тажасам да көр тирликтен,
Таштабай ырларымды сүйүп жүрөм.
Турмушта көп нерсеге жетпей жүрөм,
Тулпарым чаалыккансып кээде жүдөйм.
Жан жактан сокку урулса кайыл болуп,
Жашырып ырларымды эптей жүрөм.
Өмүрдө өйдө-ылдый жашап жүрөм,
Өзүмдү эптеп адам атап жүрөм.
Тагдырда миң жыгылып, жүз турсам да,
Өчүрбөй ырларымды сактап жүрөм.
Тагдырды көп жыгылып көп турсам да,
Жоготпой ырларымды сактап жүрөм.
Кыйналган акынга жардам берүүнү каалагандар (0225) 284 040 номуруна чалса болот.
Спорт залдар эмнеге ачылбайт?
Бишкектен фитнес тренер Артем Путинцев кайрылды. Ал карантиндик чаралар спорттук жайларды чектеп жатканына нааразы болууда.
«Көптөгөн спортчулардын, балким спортту сүйгөндөрдүн баарынын атынан төмөндөгүдөй суроом бар. Эмнеге бийлик спорт залдарды эң акыркы ачылчу иретке коюп салды? Дүйнөнүн башка өлкөлөрүнүн баарында спорттук машыгуучу жайларды биринчи ачып, эл өз саламаттыгын чыңдай баштады. Бизде тескерисинче, спортту эң акыркы орунга коюп жатасыздар! Базарларда деле карантин маалында эч кандай тартип сакталган жок. Эми коомдук транспортко да уруксат бердиңер. Эмне базардан, маршруткадан, автобустан коронавирус жукпай эле, спорттук машыгуу залдарынан жугуп калабы? Биз тренербиз, биздин деле акчабыз жок калды. Биз да иштешибиз керек, залдын ижарасын кантип төлөйбүз? Эмнеге буга көңүл бурбай жатасыңар?»
Бул боюнча Бишкек шаарынын мэриясына кайрылдык. 25-майдан тартып шаардагы бардык машыгуучу жайларга, фитнес залдарга, бассейндерге иштөөгө уруксат берилди. Бирок бул жайлар толугу менен дезинфекцияланып, беткап, мээлей кийип жүрүү боюнча талап коюлууда. Ар бир машыккан адам аралыкты сактоого тийиш. Ал эми спорттун контакт менен байланышкан жана командалык түрлөрүнө - футбол, күрөш, бокс, баскетбол ж. б. секцияларына уруксат берилген жок.
«Азаттык» радиосунун «Эл үнү» берүүсүнүн номуру - (0550) 988755. Өтүнүчтү, сунушту видео, аудио түрүндө толук аты-жөнүңүз менен жибериңиз.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.