Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:18

Бекбосун Бөрүбашев президенттин кеңешчиси болду


Бекбосун Бөрүбашев.
Бекбосун Бөрүбашев.

Өлкө башчысы Садыр Жапаров 16-июлда кол койгон жарлыкка ылайык, Бекбосун Бөрүбашев президенттин кеңешчиси болуп дайындалды.

Бөрүбашев укуктук маселелер боюнча эксперт катары белгилүү. 2020-жылы ноябрь айында ошол кездеги президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов аны Конституциялык кеңешменин төрагасы кылып дайындаган.

Быйыл 5-майда өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон президенттик башкарууга багытталган Конституцияны ал жетектеген Конституциялык кеңешме жазган.

66 жаштагы Бекбосун Бөрүбашев Бишкек шаарында төрөлгөн. Ал 1982-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Тарых факультетин, 1997-жылы ушул эле окуу жайдын Юридика факультетин бүтүргөн. Юридика илимдеринин доктору. (BTo)

XS
SM
MD
LG