Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:30

Эми облус жетекчилери президентке баш ийет


Садыр Жапаров. Архивик сүрөт.
Садыр Жапаров. Архивик сүрөт.

Президент Садыр Жапаров “Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө” жарлыкка кол койду. Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күндөн кийин күчүнө кирет. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү өзү жетектеген аймакта президент аныктаган мамлекеттин ички жана тышкы саясатын ишке ашырат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана укук коргоо органдарынын ишин тескейт.

Ал президенттин демилгеси же Министрлер кабинетинин төрагасынын сунушу менен кызматка дайындалат жана бошотулат. Ошондой эле, аларга түздөн-түз баш ийет, отчёт берет. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн орду саясий мамлекеттик кызмат жана ал облустун башкы кызмат адамы болуп саналат. Облустун социалдык-экономикалык абалына жооп берет.

Жогорку билимдүү, 10 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар адам президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү боло алат. Анын эки орун басары болот. Алар ыйгарым укуктуу өкүлдүн сунушу менен Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана бошотулат.

Буга чейин облустардын жетекчилери Министрлер кабинетинин облустардагы өкүлү болуп келген. Кыргызстанда жети облус бар.

Кыргызстан 11 жылдык парламенттик-партиялык башкаруудан кийин быйыл кайрадан президенттик башкарууга кайткан. (BTo)

XS
SM
MD
LG