Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:28

COVID-19: Дагы он адам көз жумду, 1292 бейтап жаңы катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы күрөшүү штабынын 13-июлдагы маалыматына караганда, акыркы бир суткада COVID-19дан он бейтап көз жумду.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жаңы эсебине ылайык, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдеттин курмандыктары жалпысынан 2 123​ кишиге жетти.

Вирус соңку бир суткада дагы 1 292 адамдан аныкталды. Анын ичинен эң көп Бишкекте катталды – 720 киши. Расмий маалыматка ылайык, ушуну менен вирус жуккандардын жалпы саны 142 270 адамга жетти. Андан 119 694 бейтап айыкты.

Ушул күндөрү 4 587 адам ооруканада жатат. Алардын ичинен 219 бейтаптын абалы өтө оор, 1 352 кишиники оор деп бааланууда. Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көп экенин айтып келишет.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча дагы 36 медициналык кызматкерден коронавирус аныкталды. Ушуну менен жалпы 5 956 медкызматкерге COVID-19 жукту. Анын ичинен 5 076сы сакайды. (BTo)

XS
SM
MD
LG