Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:01

Кыргызстанга Кытайдан бир миллион дозадан ашык вакцина келди


Кытай вакцинанын 150 миң дозасын жардам ирээтинде акысыз берген, калганын кыргыз өкмөтү сатып алган.
Кытай вакцинанын 150 миң дозасын жардам ирээтинде акысыз берген, калганын кыргыз өкмөтү сатып алган.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 11-июлда Кытайдан Sinopharm вакцинасынын 1 миллион 250 миң дозасы алынып келгенин билдирди. Анын 150 миңин Бээжин жардам ирээтинде акысыз берген, калганын кыргыз өкмөтү сатып алган.

Министрлик вакцина ушул күнү эле аймактарга таратыларын, жер-жерлерде эмдөө пунктары ачылып, алдын ала онлайн жазылса болорун кабарлады.

Кыргызстан Кытайдан сырткары Орусиядан дагы вакцина алган.

COVAX программасынын алкагында AstraZeneca вакцинасынын 210 миң кишиге жеткидей дозасы келери маалымдалган, бирок анын датасы белгисиз.

Буга чейин Ourworldindata.org сайты дүйнөдөгү коронавируска каршы эмдөөнүн картасын чыгарган. Анда Кыргызстан вакцина жараяны начар жүргөн өлкөлөрдүн катарына кошулуп, 160-орунга жайгашкан.

XS
SM
MD
LG