Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:43

Ош: Добуш сатып алууга шектелген талапкер шайлоо ыплас өтүп жатканын айтты


"Ынтымак" саясий партиясынын талапкери Толгонай Амирова.
"Ынтымак" саясий партиясынын талапкери Толгонай Амирова.

Ош шаарында шайлоодон четтетилген "Ынтымак" саясий партиясынын талапкери Толгонай Амирова 11-июлда журналисттерге маалымат жыйын куруп, шайлоо ыплас өтүп жатканын айтты. Ошондой эле, ага негизсиз иш козголгонун кошумчалады.

Амированы Ош шаардык милициясы добуш сатып алууга шек санап жатат.

Ал милициянын доосун четке кагып, негизсиз иш козголгонун белгиледи.

"Мага эч кандай далили жок иш козгоп коюшту. Милиция башында күбө катары чакырган, кийин шектүү кылып койду. Ушундай иштерден улам биздин партия өз эрки менен шайлоодон чыгып кетти", - деди ал.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 10-июлга караган түнү өткөргөн жыйынында "Ынтымак" партиясын Ош шаардык кеңешине кайра шайлоодон четтеткен.

11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу фактылары аныкталып Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине өткөн шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылган. Үч шаарда кайра шайлоо 11-июлга белгиленген. (DU)

XS
SM
MD
LG