Айыгышкан кармаштар негизинен Ооганстандын түндүк аймактарында жүрүп, армия 29-июнга караган түнү Фарьяб провинциясынын эки районун кайтарып алды.
Ооганстандын Коргоо министрлигинин 29-июндагы билдирүүсүнө караганда, өкмөттүк күчтөр бир нече күндөн берки айыгышкан салгылаштардын натыйжасында өлкөнүн түндүк-батышындагы Фарьяб провинциясына караштуу Паштун жана Хан Чарбак райондорун талибдерден кайтарды. Бул аймак Түркмөнстан менен чектешет.
Ооган армиясы Газни, Парван сыяктуу Кабулга жакын борбордук провинцияларда дагы талибдерге каршы чабуулду күчөткөнү кабарланды.
“Талибанга” каршы контрчабуулдар Кабул - Вашингтон сүйлөшүүлөрү аяктаган учурга туура келди.
Ооганстандын элдешүү кеңешинин төрагасы Абдулла Абдулла кан күйгөн кармаштарга карабастан, “Талибан” менен сүйлөшүүгө дагы деле кеч эмес деген ойдо:
"Азыр эмне окуялар болуп жатканына жана сүйлөшүүлөрдөн эч кандай майнап чыкпаганына карабастан, ымалага келүүгө такыр жол жок деп айта албайбыз. Анткени жыйынтыгында, бул кагылыштарда өлтүрүлгөн акыркы адам менен да маселе чечилбейт. Бир гана жол турат. Ал чатакты тынчтык жолу менен жөнгө салуу", - деди Абдулла Абдулла.
2020-жылдын күзүндө башталган сүйлөшүүлөр быйыл жазында туңгуюкка кептелген. Анткени, “Талибандын” башчылары мурда макулдашылган Түркияда өтчү жолугушуудан баш тарткан. Ошондон соң талибдердин өкмөттүк күчтөргө кол салуулары көбөйгөн.
29-июнда өкмөттүк күчтөр менен талибдер Кундуз менен Тахардын айланасында да айыгышкан кармашка өткөнүн “Азаттыктын” ооган кызматы маалымдады. Өкмөттүк күчтөр түштүк-чыгыштагы Пактий жана Забулда да чабуулга өтүп, талибдерге тарттырып жиберген аймактарды кайрадан ээлегени белгиленди.
Өткөн аптада АКШ президенти Жо Байден ооган президенти Ашраф Гани менен жолугуп, Кабулду колдоо аягына чейин улантыларын айткан:
"Кошмо Штаттар менен Ооганстандын өнөктөштүгү токтобойт. Ал улантылат. Биздин аскерлер ал жактан кетишет. Бирок, биз Ооганстанды колдоону токтотпойбуз. Анын куралдуу күчтөрүн камсыздап, экономикалык жана саясий колдоо көрсөтүп турабыз. Алар азыр татаал кезде иштеп жатышат".
Ошол эле кезде АКШ президенти Жо Байден соңку чечимди ооган эли өзү кабыл аларын, эл өзүнүн болочогун өзү аныктай турганын билдирди.
Бул арада Ооганстандын коопсуздук күчтөрү "Талибанга" улам позициясын алдырып, өткөн жумада эле 56 аскери туткунга түшкөнү кабарланган. Буга ооган армиясынын ичинде моралдык-психологиялык абал жана даярдыктын чабалдыгы себеп болгону айтылууда. Ошондуктан өздүк курамдын арасынан талибдерге багынып берген же артка чегинген учурлар болгону белгиленген.
“Талибан” буга чейин бир эле учурда Ооганстандын бир нече провинциясына кол салып, өлкөнүн 370 районунун 50дөн ашуунун басып алган. Бул тууралуу БУУнун Ооганстан боюнча чабарманы Дебора Лайонс 22-июнда билдирген.
Өткөн ишембиде Вашингтонго сапарын жыйынтыктаган ооган президенти Ашраф Гани АКШ менен НАТО аскерлери чыга баштаганда курчуган кырдаалды жөнгө салууга ишеним пайда болгонун белгиледи:
"Президент Байдендин чечими тарыхый чечим болду. Ал баарын кайра карап чыгууга үндөйт. Биз бул чечимди колдоп, урматтообуз зарыл. Биз азыр мамиленин жаңы баскычына өтүп баратабыз. Анда АКШ менен өнөктөштүк аскерий жактан гана эмес, биздин бардык кызыкчылыкты камтыган ар тараптуу багытта өнүгөт. Мындай өнөктөштүк керек жана биз ага канааттанабыз".
Буга чейин талибдер өлкө түндүгүндөгү беш провинцияга - Баглан, Кундуз, Балх, Тахар, жана Фарьябга кол салып, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан менен чектешкен 12 райондун ичинен Чахеб, Янги-Калъа жана Даркад сыяктуу сегиз аймакты ээлеген. Анан “Шерхан-Бандар” жана "Кокул"” чек ара бекеттери басылып алынган. 22-июнда 134 ооган аскери ага туруштук бере албай Тажикстанга чегинген. Ал эми Өзбекстанга 53 ооган аскери 23-июнда өтө качып, бирок өзбек чек арачылары аларды артка кайтарды. 17-июнда дагы 17 ооган чек арачысы Тажикстанга качкан. Тажик тарап аларды мурдагыларына кошуп, качкын деп кабыл алганы белгилүү болду.
Учурда Ооганстандын түндүгүндө өкмөттүк күчтөр менен бирге бир топ жергиликтүү тургундар, алардын арасында аялдар дагы колго курал алып, талибдерге каршы согушка аттанышты. Алардын арасында мурдагы можахеддер да бар экени кабарланды.
АКШ баш болгон НАТО быйыл мартта аскерлерин 11-сентябрга чейин Ооганстандан толук чыгарарын жарыялагандан бери Талибандын” өкмөттүк күчтөргө кол салуусу күчөй баштаган.
40 жылдан бери согуш абалында жашап келе жаткан Ооганстанда тынчтык орнотуу аракеттери натыйжа бере элек.