Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:53

Түркмөнстанда газдан карызы барларга азык-түлүк сатып алууга чектөө коюлду


Дүкөндө кезекке тургандар.
Дүкөндө кезекке тургандар.

Түркмөнстандын Лебап облусунда газга карызы бар тургундарга мамлекет белгилеген наркта азык-түлүк сатууга тыюу салынды.

"Азаттыктын" түркмөн кызматы кабарлагандай, миңдеген киши ун, сарымай жана кумшекерди жеңилдетилген баада ала албай жатышат.

Ушул тушта өлкөнүн бир канча аймагында газга карызды төлөө жаатында эсеп-кысап жүрүүдө.

Карыз нак төлөнүүгө тийиш. Бирок соңку жылдары экономикалык кризиске кабылган Түркмөнстанда нак акча жетишсиз боло баштаган.

"Азаттык" Түркмөнстанда нан кымбаттаганы, азык-түлүк тартыштыгы жаралганы, адамдар жарым түндөн тартып дүкөндөрдө кезекке туруп жатканы тууралуу маалымдаган. Жагдайды полиция көзөмөлгө алып турат.

Мамлекетте мурда бир нан 2 манаттан сатылса, соңку айларда 5 манат болуп калды (1 манат - 3,5 АКШ долларына барабар).

XS
SM
MD
LG