Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:30

“Чоң жетинин” лидерлери климаттын өзгөрүшүн талкуулайт


"Чоң жетинин" лидерлери.
"Чоң жетинин" лидерлери.

Британияда өтүп жаткан “Чоң жетинин” саммитинин акыркы күнүндө өлкө лидерлери климаттын өзгөрүшүн талкуулайт. Саммит учурунда натуралист Дэвид Аттенбороу дүйнө лидерлерине кайрылып, адам баласы экологиялык апаатка кабылбашы үчүн шашылыш түрдө чараларды көрүшү керектигин эскерткен.

“Чоң жетиге” мүчө өлкөлөр 2050-жылга чейин өндүрүштөн пайда болгон зыяндуу газдардын абага бөлүнүп чыгышын толугу менен токтотууга милдеттенме алды. Бирок көптөгөн экологдор ага чейин өтө кеч болуп кетерин айтышууда. Лидерлер жакыр өлкөлөргө зыяндуу газдардын бөлүнүп чыгышын азайтууга жардам берүү үчүн жаңы каржылоо планын жарыялай турган болду.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун директору Тедрос Адханом саммитте сөз болгон өлкөлөр ортосундагы вакциналарды бөлүшүү ниетин кубаттап, “бизге дагы көбүрөөк керек жана тезирээк керек” деп билдирди.

“Мен “Чоң жетинин” лидерлерине кайрылдым. Эгер биз пандемияны жеңебиз десек, анда кийинки жылы “Чоң жети” кайрадан Германиядан жолукканча дүйнө калкынын 70% эмдеп үлгүрүшүбүз керек. Ал үчүн бизге 11 миллиард доза керек", – деди Тедрос Адханом.

Британиянын премьер-министри Борис Жонсон кийинки жылы “Чоң жети” тарабынан кеминде 1 миллиард доза вакцина камсыз кылынарын, анын жарымын АКШ, дагы 100 миллионун Британия берерин убада кылды.

XS
SM
MD
LG