Депутаттын үйүнөн маңзат менен 250 миң доллар табылды | БҮГҮН АЗАТТЫКТА | 09.06.21
Кыргызстан жана Түркиянын президенттери Садыр Жапаров менен Режеп Тайып Эрдоган Анкарада жолугушту. Бул - Жапаровдун президент катары постсоветтик алкактын тышындагы биринчи чет өлкөлүк сапары. Кадамжайда жергиликтүү кеңештин депутатынын үйүнөн 50 килодон ашуун маңзат жана 250 миң доллар табылды. УКМК депутат кезектеги маңзат партиясын Тажикстандан алып, Өзбекстанга жөнөтүп жаткан учурда колго түшкөнүн кабарлады. Өзбекстандын Ангрен шаарында полиция ондогон динчил эркектин сакалын күчтөп алдыртты.
Чыгарылыштар
-
Декабрь 04, 2023
Кечки радио эфир | 04.12.2023 | ККМге каршы акциялар уланды