Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:56
Кыргызстан - Монголия футбол командаларынын беттеши. 7-июнь, 2021-жыл. Осака, Жапония.
Кыргызстан - Монголия футбол командаларынын беттеши. 7-июнь, 2021-жыл. Осака, Жапония.

Крестинин: футболчулар түшүнүксүз жагдайда четтетилди

Бүгүн, 7-июнда Жапониянын Осака шаарында Кыргызстан менен Монголиянын футбол боюнча улуттук курама командалары футбол боюнча Дүйнө чемпионатына жана Азия кубогуна тандоо оюндарында беттешти. Оюн 0:1 эсебинде монгол футболчуларынын пайдасына аяктады.

Оюн 50 миң көрүүчүгө ылайыкталган “Нагаи” стадионунда өтүп жатат. Атаандаштар буга чейин бир жолу Дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-раундунун 4-турунда (2019-жылдын 15-октябрында) Улан-Батор шаарында беттешкен. Ал оюнда кыргыз футболчулары 2:1 эсебинде жеңишке жеткен.

Футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын экинчи айлампасы 2020-жылы жазында өтмөк. Коронавирус пандемиясынан улам оюндар белгисиз мөөнөткө жылдырылган.

1,5 жылдык тыныгуудан кийин жанданган беттештер борборлоштурулган тартипте өтүп, командалар мурдагыдай үйдө жана конокто эмес, бир аймакта ойноп, жолдомо үчүн ат салышат.

Кыргызстан бөлүнгөн F тайпасындагы оюндардын бардыгы тең Жапониянын Осака шаарында болот.

2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына жана 2023-жылы Кытайда өтчү Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында Азия чөлкөмүнүн 40 командасы сегиз тайпага бөлүнүп ойноп жатат.

Мелдештер 2019-жылдын 5-сентябрында башталган. Тандоо мелдештеринин жыйынтыгында сегиз тайпанын жеңүүчүсү жана экинчи орунду ээлеген төрт мыкты команда акыркы тандоо оюндарына жолдомо алат.

Учурда F тайпасында 2-раунддагы турнирдик таблицада алты оюндан кийин 18 упай топтогон Жапония көч башында.

Алты оюнда 10 упай топтогон Тажикстан 2-катарда, беш оюндан кийин жети упай эсебинде бар Кыргызстан 3-орунда бара жатат.

Алты оюндан кийин Мьянма алты упайга ээ болсо, жети оюнда бир гана жолу жеңишке жеткен Монголияда үч упай бар.

Беттештин 33-мүнөтүндө монгол футболчуларынын пайдасына эсеп ачылды. Учурда 0:1 эсебинде Монголия курама командасы алдыда келе жатат.

Жапон өкмөтүнүн ковидге каршы саясатына ылайык, жалпы машыктыруучулар штабы, администрация, оюнчу Бекжан Сагынбаев, дарбазачылар Эржан Токотаев, Кутман Кадырбеков жана Валерий Кашуба коронавирус илдетине чалдыкты деп шектелгендердин тизмесине киргендиктен, кыргыз футболчулары дарбазачысыз оюн талаасына чыгууга мажбур болгон.

Бул тууралуу маалымат командага оюн башталаарга эки саат калганда гана белгилүү болгонун Кыргызстандын футбол бирлиги уюму маалымдады. Учурда дарбазаны коргоочу Айзар Акматовго кайтарууда.

Дарбазачылардан сырткары бүгүнкү оюнга Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын капитаны, коргоочу Валерий Кичин дагы чыккан жок. Ал 2019-жылы Бишкекте Тажикстан курама командасы менен болгон оюнда алган эки сары кагаздын айынан бир оюнга дисквалификация болгон.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG