Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:08

5-июндун аба ырайы


Сары-Челек.
Сары-Челек.

5-июнда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолорунда кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт.

Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолорунда кар жаашы ыктымал, Баткен облусунда жана Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 18...23, күндүз 32…37;

Талас жергесинде түнкүсүн 14...19, күндүз 29…34;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 18…23, күндүз 33…38;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28;

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2…+3, күндүз 10…15 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн 20…22, күндүз 34…36 градус болот.

XS
SM
MD
LG