Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:23

Кыргызстан-ЕБ кызматташтыгы боюнча макулдашууга кол коюлат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаровдун Бельгиянын борбору Брюсселге сапары учурунда Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы кеңири өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндөгү макулдашууга кол коюлганы жатат. Бул маселе 1-июнда Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан менен жолугушуусунда талкууланганын кыргыз тарап кабарлады.

Жапаровдун Брюсселге пландалып жаткан сапарынын так датасы азырынча айтыла элек.

Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушуу европалык дипломаттын кызмат мөөнөтү аяктап баратканына байланыштуу уюштурулду. Анда эки тараптуу жана аймактык кызматташтык маселелери талкууланып, туруктуу экономика, экология, инвестиция, аймактагы коопсуздук, COVID-19 пандемиясына каршы биргелешип күрөшүү сыяктуу багыттар боюнча кызматташтык тууралуу да сөз болду.

Быйыл күзүндө Бишкекте “Евробиримдик – Борбор Азия” деген аталыштагы алгачкы экономикалык форум өткөрүү жөнүндө да талкуу жүрдү.

Кыргызстан менен ЕБ ортосундагы кызматташтык 1999-жылы башталган. (RK)

XS
SM
MD
LG