Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:57

Медакадемияда ректор шайлоо жүрүп жатат


Медакадемиянын башкы имараты. Архивдик сүрөт.
Медакадемиянын башкы имараты. Архивдик сүрөт.

Кыргыз мамлекеттик медицина академиясында бүгүн, 29-майда ректор шайлоо өтүп жатат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна окуу жайдан кабарлашты.

Ректорлукка академияда эмгектенген төрт талапкер ат салышууда. Алар: Эркин Алымбаев, Зиябидин Айдаров, Жолдош Шаршембиев жана Индира Кудайбергенова.

Добуш берүү үчүн профессордук-окутуу курамынын 700дөн ашуун өкүлү келгени, шайлоо ушу тапта өтүп жатканы маалымдалды.

Бүгүнкүгө белгиленген шайлоону Билим берүү жана илим министрлиги токтоткону белгилүү болуп, 28-майда окуу жайда нааразылык акциясы өткөн. Акцияга чыккандар шайлоону убагында өткөрүү талабын коюшкан жана президентке кайрылуу жолдошкон.

Буга чейин ректор болуп Индира Кудайбергенова иштеген. Ал кайра талапкерлигин койгон соң ректордун милдетин Андрей Сопуев аткарып жатат.

Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясы 1939-жылы уюшулган. Ректорду төрт жылда бир окуу жайдын жамааты шайлайт.

Айрым маалымат каражаттары Медакадемиядагы кезектеги ректор шайлоо жараянын жеке кызыкчылыктардын кагылышы коштоп жатканын жазышкан. Ал жерде миңдей адам иштейт, 10 миң студент бар.(KAz/RK)

XS
SM
MD
LG