Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:23

УКМК: Министр Дыйканбаев ири өлчөмдөгү пара үчүн кармалды


Азамат Дыйканбаев
Азамат Дыйканбаев

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, санарип өнүктүрүү министри Азамат Дыйканбаев ири өлчөмдө пара талап кылууга шектүү катары кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алынды. Бул тууралуу 20-майда атайын кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Дыйканбаев “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырып жаткан чет өлкөлүк компаниядан келишимдин мөөнөтүн узартуу маселесин оңунан чечип берүү үчүн пара талап кылган деп шектелүүдө. Ага каршы арызды чет өлкөлүк компаниянын өкүлү жазып, сотко чейинки териштирүү башталган.

Жазык кодексинин 326-беренесинин ("Пара талап кылуу") негизинде кармалган жетекчинин бөгөт чарасы Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда аныкталат.

УКМКнын айыптоосуна Дыйканбаевдин адвокаттары азырынча комментарий бере элек.

35 жаштагы Дыйканбаев министрлик кызматка эки апта мурда дайындалган. Ага чейин ал Байланыш боюнча мамлекеттик агенттикти жетектеп турган.

2020-жылдын ноябрында Кыргызстандагы «Жарандык көзөмөл комитети» уюму аталган агенттиктин жетекчилигин «байланыш операторлорунан радиожыштыктарды тартып алып, аймактардагы миңдеген абоненттерди Интернетсиз калтырышы ыктымал» деген доомат койгон. Дыйканбаев аны четке каккан.

«Коопсуз шаар» долбоору Бишкекте 2019-жылы ишке кирип, көчөлөргө жол эрежесин бузган автоунааларды каттаган видеокамералар орнотулган. Долбоордун биринчи баскычын орусиялык «Вега» концерни ишке ашырды.

Ал эми «Коопсуз шаар-2» долбоору үчүн тендер жарыяланып, анда кытайлык "Shenzhen Sunwin" компаниясы жеңүүчү деп аталган. (RK)

XS
SM
MD
LG