Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:29

Kloop басылмасы чек арада курман болгондорго арнап онлайн-эстелик ачты


Kloop басылмасы Баткенде чек арада курман болгондорго онлайн-эстелик ачты.
Kloop басылмасы Баткенде чек арада курман болгондорго онлайн-эстелик ачты.

Kloop басылмасы быйыл апрель айынын соңунда Баткенде кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги окуяда курман болгон кыргызстандыктарга арнап онлайн-эстелик ачты. Каза болгондордун тизмеси ар бири тууралуу маалымат жана сүрөтү менен «Көздөн жаш эмес, кан агат» деген аталышта жарыяланып турмай болду.

Басылманын редакциясы азырынча курмандыктардын айрымдары тууралуу гана маалымат чогулганын билдирди. Окурмандарына “Айтылбай калган дагы көптөгөн тагдырлар бар. Набыт кеткен адамдардын элеси арабызда түбөлүк жашап калуусуна жардам сурайбыз” деп кайрылып, маалыматы болсо бөлүшүүгө чакырды.

28-29-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду. Тажик тараптан 19 адам каза болгону расмий айтылды. Эки өлкө бул үчүн бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошту.

Бул окуяда окко учкан, жараат алып каза болгон кыргызстандыктар тууралуу "Азаттык" да макала-баяндарды даярдаган. (RK)

XS
SM
MD
LG