Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:02

Алматы: Шинжаңдагы жакындарынын таламын талашкандар Кытай консулдугунун алдына чогулушту


Митингден бир көрүнүш.
Митингден бир көрүнүш.

Шинжаңдагы жакындарын бошотууну талап кылгандар 18-майда Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдына 100-жолу чогулушту. Аларды кармап кетишкени, телефондору өчүрүлгөнү кабарланды. Кийин сегиз киши сотко жеткирилгени маалым болду. Маалыматтарга караганда, аларга тынч акцияларды өткөрүү тартибин бузду деген айып тагылууда.

Шинжаңда камакта жаткан жакындарынын сүрөттөрүн көтөрүп чыккан бир нече киши Кытайдын дипломатиялык өкүлчүлүгү жайгашкан имараттын жанына келишкен. Аларды полиция имаратка жакын келтирбей койгон. Алар Кытайда "казактарга каршы геноцид" жүрүп жатат, бөлүнүп калган үй-бүлөлөрдүн көйгөйүнө кайдыгер мамиле кылып жатат деп казак бийлигин айыпташты. 100 күндөн бери акцияга катышкандарга кытай дипломаттарынан эч кимиси чыккан жок.

Шинжаңда түпкүлүктүү мусулман калк өкүлдөрү куугунтукталып, лагерлерге айдалганы тууралуу маалыматтар, далилдер көптөн бери айтылып жүрөт. Батыштын бир нече мамлекети мындай саясатты тукум курут деп аташкан. Бээжин экстремизмге каршы аракет көргөнүн айтып, лагерлерди кесипке үйрөтүү жана интеграция борборлору деп атап, өлкөнүн ички иштерине кийлигишпөөнү эскертүүдө.

Расмий Нур-Султан Кытайдын саясатын ачык сындоодон карманып, Шинжаңдагы туугандары жөнүндө арыздар дипломатиялык каналдар аркылуу каралып жатканын айтууда.

XS
SM
MD
LG