Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:15

Күнсулуунун ата-энени күйүткө салган өлүмү


Төркүн менен кайын-журтту касташтырган өлүм
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:44 0:00

Төркүн менен кайын-журтту касташтырган өлүм.

Сузакта беш балалуу, 24 жаштагы келиндин сөөгү өз короосунда асылып турган жеринен табылган.

Маркумдун жакындары анын өз жанын кыйганына ишенбей, күйөө баласын күнөөлөшүүдө. Экинчи тарап мындай дооматтарды четке кагышты.

Күнсулууну 23-апрелдин кечинде, өз үйүнүн короосунда асылып турган жеринен табышкан. Кызынын беш баласын таштап, жанынан кечкенине атасы Салахидин Эшботоев ишенбей турат. Ал окуяга күйөө баласын күнөөлөдү.

Салахидин Эшботоев
Салахидин Эшботоев

“Күнсулуу тун перзентибиз эле. Кызымдын өзүн-өзү асып алганына ишенбейм. Анткени, ал балдары дегенде ичкен ашын жерге койчу. Буга чейин да катуу ооруп калганда бейтапканага жаткыралы дегенбиз. Күнсулуу балдарын ойлоп жатпай койгон. Күйөө бала кызым ооруп атканда да караган жок. Биздин билишибизче, күйөө бала кызымды кызганып, урган. Ошол күнү да талылуу жерине чаап, өлтүрүп алган. Анан айыбын жашыруу максатында асып койгон. Кызым асынып алганын угуп барсам, анча бийик эмес жер экен, жип ээгинде туруптур. Асынган киши сыйыртмакты моюнуна толук салат да”.

Маркум Күнсулуу Эшботоева 16 жашында турмушка чыккан. Жолдошу менен сегиз жыл бирге жашап, беш балалуу болгон. Алардын эң кенжеси - 1 жаш 3 айлык эгиздер.

Маркумдун апасы Дамира Жолдошева күйөө баласы буга чейин деле кызын уруп-сабап келгенин айтып, зар какшады:

Дамира Жолдошева
Дамира Жолдошева

“Кызым 16 жашында, 2013-жылы турмушка чыкты. Сегиз жыл ичинде беш балалуу болушту. Буга чейин деле күйөө бала кол көтөрчү, кызым таарынып, үйгө келген учурлар болгон. Акыркы жолу өлөрүнө үч күн калганда сүйлөшкөнбүз. "Баары жакшы" деп жаткан. Жолдошум экөөбүз малга карап адырдагы сарайга көчүп кеткен болчубуз. Кызым менден «Апа, үйгө качан келесиз?» деп сураган. Мен да маани бербей, «Билбейм, эми эле көчүп келдик. Мал-жанды карайлы» деп жооп бергем. Андан кийин деле телефон чалып сүйлөшүп жаттык. Өлгөн күнү видео аркылуу чалсам, интернети өчүк экен. Балдарга алаксып, жумуш кылып жаткан го деп, кайра чалган жокмун. Анан эле ушинтип жер муштап калдым. Эмне болуп өлгөнүн сурасам, эч ким айтпайт. Милиция кызматкерлери келгенде гана асынып алганын укпадымбы”.

Күнсулуунун жолдошунан окуянын чоо-жайын билүүгө мүмкүн болгон жок. Ал эми маркумдун кайнежеси Зияда Якубова Эшботоевдердин айыптоолорун четке какты. Ал келининин өз жанын кыйышына эмне себеп болгонуна түшүнбөй турганын айтууда:

Зияда Якубова
Зияда Якубова

“Ушул кезге чейин экөөнүн урушуп кеткенин же иним аны уруп койгонун көргөн эмесмин. Экөө бактылуу жашачу. Келиним эмнеге бул кадамга барганына түшүнө албай турам. Келинибиздин ата-энесинин койгон айыптоосу негизсиз, азыр тергөө жүрүп жатат. Анын баарын тергөө чечет. Эмне болуп асынып алганы бизге да белгисиз”.

Сузак райондук милициясында келиндин өлүмү Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 136-беренеси ("Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү") менен катталганы белгилүү болду. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Шеркул Турганбаев тергөө иштери уланып жатканын билдирди:

Шеркул Турганбаев
Шеркул Турганбаев

“23-апрелде саат 19:30 чамасында Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагынын 1996-жылы туулган тургуну Э.К. жашаган үйүнүн мал сарайы жактагы кампада асынып каза болгон. Сузак райондук милициясынын тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге чыгып, кароо жүргүзүлүп, тиешелүү материалдар чогултулган. Текшерүү ишинин жүрүшүндө каза болгон Э.Кнын ата-энеси кызынын асынып, өзүнүн өмүрүнө кол салышына күйөө баласы күнөөлүү экенин билдирип, милицияга арыз менен кайрылган. Каза болгон келиндин күйөөсүнүн окуяга канчалык деңгээлде тиешеси бар экени тергөөнүн жүрүшүндө аныкталат”.

Жалал-Абад шаарындагы «Акыйкаттык» укук коргоо уюмунун адвокаты Нурислам Райимжановдун айтымында, акыркы жылдары эркектердин ур-токмогуна кабылып, жардам сураган аялдар көбөйүүдө. Бирок иш сотко жетпей, туугандары же ата-энелердин кийлигишүүсү менен жабылып калган учурлар арбын.

“Бизге дагы зомбулук көргөндөр көп кайрылат. Бирок тууган-уругунун аралашканы менен иш сотко ашпай, жабылып кетет. Качан кана өлүм болгондо милицияга жүгүрүшөт”.

Күнсулуунун жакындары күнөөлүү жазага тартыларына ишене албай турушат.

Буга чейин Кыргызстанда зомбулуктун айынан кыз-келиндердин өз жанын кыйган учурлары көп эле катталган. 2021-жылдын январь айында Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында эки жаш келин өз жанын кыйган. Ала-Бука районунун Баймак айылынын тургуну, 33 жаштагы Анара 22-сентябрда үйүндөгү сарайда асынып калган жеринен табылган.

ИИМдин маалыматына караганда, өлкөдө үй-бүлөдөгү зомбулук барган сайын көбөйүүдө. 2012-жылдан 2015-жылга чейин жыл сайын 2500ден 3500ге чейин факты катталып турган. 2016-2018-жылдары ал 7000ден түшкөн эмес. Статистика алардын дээрлик 90% же андан ашыгы сотко жетпей эле ар кандай жагдайлардан улам кыскарып кетерин көрсөттү.

XS
SM
MD
LG