Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:27

Молдокматов октябрь окуяларына байланыштуу камалды


Жеңиш Молдокматов.
Жеңиш Молдокматов.

Саясатчы Жеңиш Молдокматов октябрь окуяларында УКМКнын имаратын басып алууга аракеттенген деп шек саналууда.

Бишкек шаардык милициясы былтыркы парламенттик шайлоого “Замандаш” партиясын жетектеп барган саясатчы Жеңиш Молдокматовду 6-майда 48 саатка камакка алды.

Адвокат Кантемир Турдалиев министрлик аны Жазык кодексинин 245-беренеси («Имараттарды жана курулуштарды басып алуу») боюнча шек санап жатканын билдирди.

Бишкектеги Конституциянын жаңы долбооруна каршы митинг. 9-март, 2021-жыл.
Бишкектеги Конституциянын жаңы долбооруна каршы митинг. 9-март, 2021-жыл.

“Молдокматов былтыркы октябрь айындагы тополоңдо Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имаратын басып алууга аракет кылган деп шектелип жатат. Ал Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренеси менен камакка алынды”, - деди Турдалиев.

Адвокаттын айтымында, Молдокматовдун бөгөт чарасы 7-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралат.

Саясатчы 6-майда түшкө чейин Ички иштер министрлигине (ИИМ) кирип чыккандан кийин "Азаттыкка" Бишкектеги былтыркы 5-6-октябрдагы окуяларына байланыштуу күбө катары чакырылганын маалымдаган.

Ушул эле күнү кечке жуук кайрадан суракка кирип, кармалганы белгилүү болду. Анын адвокаттары жана жакындары коюлган айыптар тууралуу комментарий бере элек.

Жеңиш Молдокматов буга чейин милицияга чакырылган себебин так билбей турганын айткан эле.

Жеңиш Молдокматов.
Жеңиш Молдокматов.

“Бирок саясатка байланыштуу айткан акыркы пикирлерим себеп болушу мүмкүн. Анткени, Баткендеги куралдуу кагылыш үчүн атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевдин отставкасын талап кылганбыз. Ага чейин Садыр Жапаров демилге кылган Баш мыйзамдын долбоорун сындап чыкканбыз. Мындан тышкары уу коргошун, казино жана экономикалык жагдайлар боюнча сын айтып келгенбиз. Президенттин кылган иштери аягына чыкпай, башаламан болуп жатат. Балким ушуларга байланыштуу болушу мүмкүн".

Ички иштер министрлиги Молдокматовдун камалышы тууралуу расмий маалымат бере элек.

2020-жылдын 4-октябрында Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын митинги 6-октябрга караган түнү президенттик аппараттын жана парламенттин кеңсеси жайгашкан имараттарды ээлеп алуу менен аяктаган. Башаламандык учурунда түрмөдө отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жана аны менен кошо камалгандардын, азыркы президент Садыр Жапаровдун тарапташтары аларды бошоткон.

Тоз-тополоңдо жүздөгөн адам түрдүү жаракат алган. Алардын отузга жакынын көзүнө ок тийип, сегизи бир көзүнөн айрылган.

19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу кулак тундуруучу жардыргычтан улам катуу жараат алып каза болгон. Элди кууп таркатуу учурунда милиция желим ок, жаш агызган газ, кулак тундуруучу жардыргычтарды колдонгон.

Баш-аламандыкта камактан чыккан айрым саясатчылар 9-октябрда Бишкекте өткөн митингге катышкан. Бир нече киши жабыркаган жаңжал менен аяктаган окуя боюнча милиция кылмыш ишин козгогон.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, анын кеңешчиси Фарид Ниязов баш болгон адамдар эртеси кайра кармалган, бир тобу сурак бергенден кийин коё берилген, дагы бир нечеси кийинчерээк үй камагына чыгарылган. Айрымдары жаза өтөө жайларына барбай, дайыны азырга чейин белгисиз.

Учурда “Туран” партиясын жетектеп жаткан Молдокматов Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккан «Ханституцияга каршы» борборунун төрагасы да болгон.

Буга чейин "Жетим-Тоо кенин коргоо" кыймылынын жетекчиси жана “Ханституцияга каршы” борборунун активдүү мүчөсү Тилекмат Кудайберген уулу (Куренов)"Фейсбуктагы" баракчасындагы билдирүүсүндө "бийликти кулатууга чакырыктар бар" деген негизде "Жазык кодексинин 310-беренеси («Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар») жана 264-беренеси («Массалык башаламандыктар») боюнча айыпталып, башкалаадагы №1 тергөө абагына камакка алынган. Апрелдин аягында ал соттун чечими менен үй камагына чыкты. Активист өзүнүн камалышын бийликтин буйругу катары сыпаттап келет.

Тилекмат Кудайберген уулу.
Тилекмат Кудайберген уулу.

“Бийликтин эки-үч максаты болгон. Алар биринчиден, менин оозумду жабууга аракет кылып жатат. Мындан тышкары мени камоо менен, өз пикирин эркин айткан саясатчыларды, активисттерди коркутууда. Бийлик башкаларга “биз ушинтип камап коебуз” деген белги беришти. Менин пикирим камалгандан кийин өзгөрүп кеткен жок. Тескерисинче, өз позициямда бекем турушум керектигин түшүнүп чыктым”.

Мурда азыркы президентти колдоп жүргөн активист быйыл 14-мартта социалдык тармактагы баракчасында “Туугандар, достор, өзүбүздү кыйнабай, Садыр Жапаровдун кетишин сураналы” деп башталган пост жазган.

Кудайбергенов Садыр Жапаров баштаган бийликтин конституциялык реформасына катуу каршы чыгып, камалар алдында, 9-мартта Баш мыйзамдын жаңы редакциясына каршы жана Жогорку Кеңештин тарашын талап кылган митингди алып барган. Аны Жеңиш Молдокматов жетектеген "Ханституцияга каршы" борбору уюштурган.

“Ханституцияга каршы” борборунун мүчөлөрү Баш мыйзамдын жаңы долбоорунан тышкары Нарын облусундагы Жетим-Тоо темир кенин иштетүүгө да каршы чыгып келген.

Молдокматов мурдараак аталган борбордун мүчөлөрүнө кысым болгонун айтып, жакын арада өзүн дагы суракка чакырыша турганын божомолдогон.

15-мартта президент Садыр Жапаров «Азаттык» радиосуна берген интервьюсунда Кыргызстанда саясатчылар, журналисттер жана активисттер куугунтукталып жатканын четке каккан. Ал Баш мыйзамдын жаңы долбоору өлкө үчүн актуалдуу чакырыктарды эске алуу менен жазылды деп эсептейт.

"Анда биз эл катары аздектеген баалуулуктарыбыз менен коом катары умтулуп жаткан идеалдарыбыз чагылдырылган. Баш мыйзамыбыз элибиздин кызыкчылыгына ийгиликтүү кызмат кылып, Кыргызстандын мындан аркы натыйжалуу өнүгүүсүнө өбөлгө болот деп бекем ишенем”, - деди Жапаров 5-майда Конституция күнүнө байланыштуу элге жолдогон кайрылуусунда.

Кудайберген уулу жана башка активисттер каршы чыккан Конституциянын жаңы долбоору 11-апрелдеги референдумда шайлоочулардын көпчүлүк добушу менен өттү. Анда парламенттин ыйгарым укуктары азайып, президенттик башкарууга артыкчылык берилген.

Садыр Жапаров президенттик башкаруу системасын негиздеген жаңы Баш мыйзамга 5-майда кол койду.

XS
SM
MD
LG