23-апрелде "The Economist" басылмасында "Хандыкка кайтуубу? Кыргызстан бир адамдын бийлиги үчүн добуш берди" деген аталыштагы макала жарык көрдү.
Анда алты ай мурда абактан чыгып, саясий кризис маалында мамлекетти жетектеп калган Садыр Жапаровдун чексиз ыйгарым укуктарга ээ болгону жазылган.
Макалада Жапаров уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштү убада кылганын, бирок коррупцияга айыпталган Бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун абактан чыгарылышы ага ишенген көпчүлүктү күмөн санатканы белгиленген.
Макалада «Эски Конституция менен алты жылга шайланган Жапаров мырза эми ордунда он жылдан ашуун калышы ыктымал. Анткени жаңы кабыл алынган Баш мыйзам президентке беш жылдан эки жолу шайланууга жол берет», - деп жазылат.
Садыр Жапаров тарыхтан сабак алууну чечкен демократ экенин "The Economist" журналына январь айында курган маегинде айткан.
«Адилетсиз президенттердин айынан болгон үч революцияны көргөндөн кийин алардын катасын эмнеге кайталамак элем?», - деген анда Жапаров.
Макалада учурда кыргызстандыктардын көпчүлүгү Жапаров мырзаны колдоп, аны мурдагы бийликтердеги саясий класска салыштырмалуу өздөрү күткөн жетекчидей көрүшөрү да белгиленген. Жапаровдун күйөрмандарынын биринин «Көп убада берди. Баары эле көптү убада кылат, бирок эч нерсе жасашпайт. Эгер ал дагы өз милдеттенмелерин аткарбаса, аны деле башкалардай алып түшөт», - деген сөздөрү да мисал келтирилген.
"Бишкек Ташкент менен Дүйшөмбүгө эмнени сунуштады?»
"Немис толкуну" (DW) агенттиги «Кемпир-Абад» суу сактагычынын жанында болуп жаткан нааразылык акцияларына көңүл бурду.
«Жер алмашуу. Бишкек Ташкент менен Дүйшөмбүгө эмнени сунуштады?» деген аталыштагы макалада соңку айлардагы кыргыз бийлигинин кошуна мамлекеттер менен чек ара маселелерин чечүү аракеттери баяндалган.
Анда Чыгыш Европа жана эл аралык изилдөөлөр борборунун кызматкери Беате Эшмент дагы өлкө түштүгүндөгү нааразылык акциялары боюнча өз пикирин айтып, алар жалпы Кыргызстанга таасирин тийгизиши мүмкүн деген ою менен бөлүшкөн.
«Үч айдан кийин кошуналар менен талаштуу маселелер чечилет деп айтуу бир, ал эми иш жүзүндө жергиликтүү тургундардын пикирин да эске алып, аярлуу суроолорду чечүү бул башка. Азыр Ош облусунда болуп жаткан нааразылык акциялары Бишкектин өзүндөгү саясий кырдаалга таасирин тийгизиши ыктымал», - деп билдирген Эшмент.
Ал ошондой эле кыргыз-тажик чек ара маселелери боюнча дагы скептикалык көз карашын кошумчалаган. Беате Эшменттин пикиринде тажик тарапта чек ара маселелери боюнча компромисске барууга жана аны талкуулоого эч кандай даярдык жок.
"Түкшүмөл себептер менен кармалгандар"
"Eurasianet" басылмасы соңку кездерде Кыргызстанда белгилүү кылмыш иштеринин каармандары абактан бошотулуп, ошол эле маалда ар кандай талаш-талкуу жараткан айыптар менен жаңы класстагы адамдар камалып жатканына көңүл бурат.
Саясат таануучу, Кыргыз-орус славян университетинин философия, теология боюнча окутуучусу Марат Казакбаев менен коомдук активист, казак диаспорасынын мурдагы башчысы Марат Токтоучиков "мамлекетке чыккынчылык кылган" деген олуттуу шек менен камалганы, бирок алар кандай жашыруун мамлекеттик сырды алып жүрүшү мүмкүн экени дале түшүнүксүз экени жазылган.
Автор саясат таануучу Казакбаев ага чейин Садыр Жапаровдун бийлигине сын айтпаганын, тескерисинче анын коррупцияга каршы күрөшүн кубаттап келгенин белгилейт. Ошентсе да саясат таануучу кошуна мамлекеттер менен чек ара сүйлөшүүлөрүн жүргүзүп жаткан УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин соңку кадамдарын катуу сындап, пикирин ачык айтканы баяндалат. Басылма Кыргызстандагы казак диаспорасынын мурдагы лидери экени айтылган 33 жаштагы Токтоучиковдун кармалышы дагы табышмактуу экенин жазган.
Токтоучиков 2010-жылы Кыргызстандагы Жашылдар партиясынын атынан парламентке ат салышкан. Кийин COVID-19дан жабыркаган адамдарга жардам берген ыктыярчы кампанияларга кошулуп жүргөн.
Басылма ошондой эле түкшүмөл себептер менен кармалгандардын катарына «Gata havayollari ve tasimacilik» деп аталган түрк жүк ташуучу авиациялык компаниянын Бишкек бөлүмүн жетектеген Ксения Барабашты кошкон.
22-апрелде сот аны Ички иштер министрлигинин тергөө абагына бир айга камады. Азырынча маалым болгондой, Барабаш жетектеген компания эл аралык «Манас» аэропортунда мыйзамсыз артыкчылыктардан пайдаланган. Аталган компанияга каршы иликтөө 2020-жылдын соңунан бери жүрүп жатат.
«Gata havayollari ve tasimacilik» компаниясы алардын жетекчиси укук коргоо органдары тарабынан азыркыдай басымга кабылганына өкүнүп турганын, тергөө бир тараптын кызыкчылыгын көздөп, экинчи тараптын аргументтери менен чындыгын уккусу келбей жатканын, ага карабастан алар тергөө менен тыгыз кызматташып жатышканын билдирди.
Ошондой эле макалада илимпоз, байыркы теңирчилик ишенимин карманган Гүлзат Аалиеванын интернетте айрым топторду ашыкча сындаганы үчүн 48 саатка кармалганы да суроо жаратары белгиленген. Аалиева тергөө абагынан бир күндөн кийин бошотулган.