Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:02

Тажикстан чек ара жаңжалында келтирилген зыянды аныктады


Исфара районундагы Сомониён айылындагы кыйраган үй, 2-май, 2021-жыл.
Исфара районундагы Сомониён айылындагы кыйраган үй, 2-май, 2021-жыл.

Тажик бийлиги Согд облусунун Бобожон Гафуров районундагы Сурх, Ворух, Чорку жана Овчи-Калъача айылдарындагы куралдуу чек ара чатагынан жабыркаган үйлөрдү карап чыгып, 14 турак-жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы аныкталганы кабарланды.

Бул тууралуу Тажикстандын «Ховар» улуттук агенттиги Согд облусунун Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу башкармалыгына таянып билдирди.

Мындан сырткары Овчи-Калъача кыштагындагы мектептин имараты жана андагы үйдүн имараты жабыркаганы кабарланды.

Ошондой эле чек арадагы куралдуу чатактын кесепетинен 15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгону көрсөтүлгөн.

"Азаттыктын" тажик кызматы ишенимдүү булактарына таянып, тажик тараптан 16 киши каза болуп, 90у жараат алганын билдирген.

Ал эми кыргыз бийлиги 28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 34 адам набыт болуп, 178 киши жараат алганын билдирген. Үй-жайын таштап, коопсуз жайга көчүрүлгөндөрдүн саны 58 миңге жетти.

Баткендеги коогада 78 үй, эки мектеп, бир фельдшердик жана акушердик пункт, үч чек ара бекети, бир бала бакча, 10 май куюучу бекет, милициянын имараты жана сегиз дүкөн талкаланып өрттөлдү.

XS
SM
MD
LG