Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:35

Чек ара: Эки тарап ок атышууну токтотууну макулдашты


Кыргызстан менен Тажикстан чек ара аймагындагы ок атууну толук токтотуу жана аскерлерди чек ара тилкесинен алып чыгып кетүү келишимине жетишти.

Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы, кыргыз делегациясынын жетекчиси Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы, тажик делегациясынын жетекчиси Саймумин Ятимов менен жолугушкандан кийин айтылды.

“Бүгүн Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек араларын делимитация жана демаркациялоо боюнча мамлекеттик комиссия талаштарды чечүү үчүн чогулдук, - деди Саймумин Ятимов. - Чек арадагы райондордо болгон трагедия эч качан кайталанбашы керек. Анткени, бул аймакта биздин эл узак убакыттан бери ынтымакта жашап келет. Биз, саясатчылар, эки эл тынчтыкта жана достукта жашашы үчүн бардык маселелерди чечишибиз керек. Бүгүн кыргыз-тажик жеринде тынчтыкты жана стабилдүүлүктү орнотуу үчүн принципиалдуу келишимге жетиштик. Кыска убакытта бардык маселелерди чечип, биздин эл мурдагыдай достукта жашап, толук туруктуулук орнойт деп ишенем”.

Камчыбек Ташиев Кыргызстан жана Тажикстандын чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссиянын бүгүнкү жыйынында төрт пункттан турган протоколго кол коюлганын билдирди.

“Бүгүн чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамында жолугуп, эки мамлекеттин кызыкчылыгындагы төрт пункттан турган протокол кабыл алдык. Ооба, Кыргызстан менен Тажикстандын эли эң оор мезгилди башынан кечирип жатат. Эки өлкөдө трагедия орун алды. Бизге бул убакытта жолугуу оор болду, бирок мамлекет башчыларынын тапшырмасы менен биз бул иш-чараны өткөрдүк. Жыйынтыгында толук ок атууну токтотуу жана чек арага жакын турган бардык аскерлерди жана аскер түзүмдөрүн мурдагы ордуна кайтаруу чечимин кабыл алдык. Бүгүнтөн тартып биздин урматтуу коңшуларыбыздын жана биздин аракетибиз менен толук тынчтык орнойт деп ишенем. Протоколдо белгиленген чечимдер аткарылат деп үмүттөнөбүз”.

1-майда эртең менен Баткен районунун Көк-Таш айылындагы Төрт-Көчө участогунан кайра жабылып калган Ош-Баткен-Исфана автожолу ачылды. 28-апрелден бери жабык турган жол 30-апрелде ачылып, бирок бүгүн аны тажик тарап тороп алганы айтылган.

Ташиев менен Ятимовдун жолугушуусунан кийин жол да ачылды.

Баткендеги чек ара чырынан улам Тажикстанда барымтада кармалып турган 10 кыргызстандык 1-майда мекенине кайтарылды. Алар ушул тапта Лейлек райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда медициналык кароодон өтүп жатышат. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 29-апрелде тажик жарандары Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы Мырзабек Жумабаевди баш кылып 10 тургунду барымтага алышкан.

Барымтадагылар Баткен облусунун башчысы Өмүрбек Суваналиев менен Согди облусунун жетекчиси Ражоббой Ахмадзоданын сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында бошотулду.

Чек арадагы абалды көзөмөлдөө үчүн эки тараптуу жумушчу топ түзүлдү

1-майда Кыргызстан менен Тажикстандын Коргоо министрликтеринин өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушуусу болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлап, жолугушуу эки өлкөнүн президенттеринин сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында өткөнүн билдирди.

Расмий маалымат боюнча, анын жыйынтыгында төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынды:

1. Кыргызстандын убактысы боюнча саат 15:00дөн тартып (Тажикстандын убактысы боюнча саат 14:00дөн тартып) аскерлерге (күчтөргө) кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык участкаларында ок атышпоо режими жөнүндө маалымдап, аскерлерди (күчтөрдү) туруктуу жайгашкан жерлерине алып кетүү.

2. Аскерлердин (курал-жарак жана аскердик техниканын) туруктуу жайгашкан жерлерине алып кетүүсүн көзөмөлдөө үчүн эки тараптан үч адамдан турган жумушчу топту түзүү.

3. Түшкөн маалыматтарды (дезинформацияны) текшерүү үчүн эки тараптан үч адамдан турган текшерүү тобун түзүү жана эгер ал тастыкталса, курал-жарактарды жана аскердик техникаларды алып кетүүнү уюштуруу жана тараптарды туруктуу жайгаштыруу пункттарына чейин узатуу.

4. Биргелешкен жумушчу топтун иши 2021-жылдын 2-майынан баштап Кыргызстандын убактысы боюнча саат 08:00дө (Tажикстандын убактысы боюнча саат 07:00дө) башталат.

Лейлек районундагы кырдаал

Буга чейин Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында абал 1-майда курч бойдон калып жатканын билдирген. Ошондой эле Лейлек районунун чек аралаш айылдарында абал кооптуу болуп жатканы айтылган.

“Азаттыктын” кабарчылары Лейлекке жөнөтүлгөн гуманитардык жардам жол жабылгандыктан кайра артка кайтууга мажбур болуп жатканын кабарлашкан.

Лейлек районунун тургуну Эркинбек Мансуров аймакка гуманитардык жардам жетпей, кырдаал оор экенин билдирди. Мансуровдун айтуусунда, Лейлек районунда күйүүчү май дагы түгөнүп баратат.

“Бензин тартыш болуп жатат, бүгүн түгөнүшү мүмкүн. Лейлек азыр анклавда калды. Гумжардам Баткенде гана калып, бери өтпөй жатат. Кулунду, Арка, Оочудан келген кары-картаңдар, аялдар, балдар он миңден ашып кетти. Аларды Сүлүктүгө жайгаштырдык. Адам ушунчалык көп болгондуктан баарына гумжардам жеткире албай жатабыз. 2-3 күн абал ушундай тура берсе элге өтө кыйын болуп калат. Тажиктер бастырып киргендиктен жылаңаяк качып чыгышкан. Аларга колубуздан келишинче жардам берип жатабыз. Бирок кийим-кечек, тамак-аш керек болуп жатат, муктаж болуп жатабыз. Маалымат каражаттары элди тынчтандыруу үчүн туура эмес маалыматтарды берип жатат. Чынында абал оор, эл кыйын абалда. Баткен облусунун администрациясына, губернаторго бардык бийлик өкүлдөрү келип жатат. Бирок Лейлекке бир дагы бийлик өкүлү келген жок. Моралдык колдоо катары да бир сөз айтканга жарабай жатат".

Лейлек районунда Борбордук, Арка, Интернационал, Жаштык, Максат айылдары жабыркаган. Максат жана Арка айылдары көбүрөөк талкаланган. Борбордук айылындагы май куюучу 27 бекет толук өрттөлүп, дүкөндөр тонолгон. Арка айылындагы мектепти кайтарып отурган мектеп директору Гапыр Мадеминов абал тууралуу буларды айтты:

“Ок атуу токтогону менен талап-тоноо болуп кетиши ыктымалдыгы бар. Ошондой аракеттер элди кооптондуруп жатат. Президенттер сүйлөшкөндөн кийин комиссия түзүлдү деп жатат. Ошолор келип, жеринен көрүп, эл менен жолугушса жакшы болмок. Жергиликтүү бийлик деле колдон келгенин жасап жатат, бирок көбүрөөк көңүл бурушу керек. Арка айылындагы кыз-келиндер, балдар тоо жактагы айылдарга эвакуацияланган”.

Лейлек районунун Жаштык айылынын башчысы Акжол Муратов 1-майда чек аралаш аймактагы абалды мындайча сүрөттөдү:

“Азыркы учурда абал тынч. Кыргыз тарап да, тажик тарап да өз позициясында турат. Азыр биз чоңдорду карап турабыз. Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө тынч. Анча-мынча жерде 10-15 мүнөттөн ок атышуу болуп калып жатат. Ок чыгарып жаткандар да бар”.

Баткен облусунун Лейлек районунда Кыргызстандын ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков менен Тажикстандын ички иштер министринин орун басары Иброхимзода Нозимдин жолугушуусу өттү. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, жолугушуу 1-майда Лейлектин Интернационал айылында болду.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында кагылышта Кыргызстандан 34 адам каза болду, 163 адам жараат алды. Тажикстандын бийлиги жабыркагандар тууралуу расмий маалымат бере элек, журналисттер 90 адам жараат алганын, 15 киши каза болгонун билдиришүүдө. Кыргызстанда 1-2-май жалпы улуттук аза күтүү күнү катары жарыяланды. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду.

“Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалдын натыйжасында карапайым адамдар арасында да, аскер кызматкерлер арасында да көптөгөн курмандыктар жана жаракат алгандар болду. Андан жергиликтүү тургундар жана юридикалык жактар ири өлчөмдө материалдык зыян тартты. Буга байланыштуу президент койгон жарлыкка ылайык 1-2-май күндөрү Кыргызстанда жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды”, - деди президенттин басма сөз кызматынын башчысы Нуркамал Асканова.

Ал арада Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери акыркы бир суткада экинчи ирет телефон аркылуу сүйлөштү.

Тараптар чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча мурда жетишилген макулдашуулардын аткарылышын талкуулап, ок атышууну толук токтотуу жана аскер күчтөрүн ордуна кайтаруу маселесине өзгөчө көңүл бурушканы белгиленди. Жапаров менен Рахмон чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерине байланыштуу өкмөт аралык комиссиянын жыйынын баштоо боюнча да пикирлерин айтышканы кабарланды.

Рахмон менен Жапаров жаңжалдан кийин биринчи жолу телефон аркылуу 30-апрелде сүйлөшкөн. Эки президенттин сүйлөшүүсүнөн кийин тажик тарап Баткен районунун Кызыл-Бел айылында жайгашкан “Кызыл-Бел” чек ара бекетинен жана Тажикстандын “Гулистон” чек ара бекетинен куралдуу күчтөрүн алып чыгып кеткени айтылган.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 1-майда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен да телефон аркылуу сүйлөштү. Анда “Эки тараптуу жана регионалдык кызматташуунун актуалдуу багыттары, анын ичинде мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги акыркы окуяларга байланыштуу маселелер талкууланды. Тараптар биргелешкен аракеттердин натыйжасында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаал турукташууга багыт алганын белгилешти” деп айтылат.

Садыр Жапаров менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев да кыргыз-тажик чек арасын талкуулады. Токаев 1-майда кыргыз-тажик чек арасында курман болгондорго байланыштуу Кыргызстанга көңүл айтты.

Кыргыз президентинин басма сөз кызматы кабарлагандай, "Токаев чек арадагы жаңжалды тынчтык жолу менен ынак коңшулук, өнөктөштүк жана боордоштук маанайда жөнгө салуунун маанисин баса белгиледи".

Токаев Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен да сүйлөштү.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, 29-30-апрелде да уланган. Баткен жана Лейлек райондорундагы чек арада атышуу болуп, үйлөр жана имараттар өрттөлдү.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG